Zanoza.kg домени сот чечими чыккыча тосмого алынды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучулары бир аталыштагы басылмага таандык Zanoza.kg доменин тосмого алышты. Буга чейин басылмага «Заноза» соода белгисин колдонууга тыюу салынган, андан соң анын аталышы «Кактус.кг» деп өзгөргөн.

Сот аткаруучулар домен аттарды каттоого алган «Азияинфо» компаниясын териштирүүлөр бүткүчө «Заноза» соода белгиси, логотип жана Zanoza.kg доменин тосмого алуу талабын койгон.

Басылманын юристинин айтымында, сот аткаруучулар чечимге өз алдынча түшүнүк берип алышкан, мындан тышкары соттун чечиминде доменди колдонууга тыюу салынган маалымат жок.

«Заноза» онлайн-басылмасы 1-августта өзүнүн аталышын «Кактус» деп өзгөрткөн. Соттун чечимине ылайык, алар Zanoza.kg соода белгисин колдонууга укугу жок. Учурда басылманын сайты Kaktus.media деп аталат.

Басылманын редакциясы бир гана аталышын өзгөртпөстөн сайттын концепциясын дагы алмаштырууну пландоодо. Журналисттер билим берүүчү жана маанайшат жаңылыктарга басым жасоого белсенип жатышат.

Логотип менен аталышына болгон укук «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн ээси Александр Рябушкинге өткөрүлүп берилген.

Бул соттук териштирүүлөрдөн тышкары, «Занозага» каршы Башкы прокуратура тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр баркын коргоо боюнча беш арыз берилген.

Беш арыздын ичинен «Заноза» төртөөсүндө утулуп калган. Жалпы жонунан басылма менен анын эки негиздөөчүсү Нарын Айып менен Дина Маслова президентке 24 миллион сом төлөп бериши керек.

Атамбаев өзүнүн жай мезгилиндеги жыл сайын өтө турган маалымат жыйынында «Занозаны» эч качан кечирбей турганын билдирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: