Жээнбеков БШКга кол белгилерди тапшырды эми премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүшү керек

Өкмөт башчы жана президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүнүн тарапташтарынан колдоосуна чогултулган 50 миң кол белгини Боршайкомго тапшырды. Эми БШК топтолгон колдордун түп нускасын текшергенден кийин, Жээнбековду президенттикке талапкер катары каттайт, мындан тышкары ал премьер-министрлик ыйгарым укутарын өткөрүп бериши керек болот.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурдагы премьер министр өз тарапташтарынын 50 миң кол белгилерин тапшырган.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаеванын айтымында, Сооронбай Жээнбековдун колдоосуна 100 миңден ашуун кол белги чогултулган.

Бирок, комиссиянын «тыгыз убактысын» албоо максатында БШКнын сунуштамасы боюнча алар 50 миң кол белгини тапшырышкан.

Жумушчу топ 10 күн ичинде тапшырылган кол белгилердин түп нускасын текшерип чыгат.

Андан соң гана Жээнбеков расмий түрдө президенттикке талапкер болуп каттала алат жана өкмөттүк ыйгарым укуктарын тапшырууга милдеттүү болот.

Сүрөт: Сабыр Аильчиев

КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов 15-июлда өткөн партиянын съездинен соң Жээнбековдун алдында азыр кызматтан кетүү же болбосо кызматын убактылуу токтотуу боюнча тандоо турганын билдирген.

Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда убактылуу премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтото алат. Эгерде аны президенттик кызматка шайланбай калса ал өкмөт башчылык кызматты кайра кайтарып ала алат.

Премьер-министр ыйгарым укуктарын токтоткон учурда анын ордуна өкмөт башчылык милдетти аткарууга биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев келет.

Учурда БШКга болгону беш президенттикке талапкер кол белгилерди тапшырды. Алар мурдагы өкмөт башчылар Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов, оппозиционер Өмүрбек Текебаев, депутат Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: