Фотограф жана жазуучу Жуно Ким Кыргызстанга арнап бир нече макала жазып, сүрөт баян жарыялаган. Ким Кыргызстандын жаратылышы «унутулгус жана сейрек кездешүүчү табияттын көрүнүшүн» жаратып турганы жөнүндө жазган.

Жумгалдык аял.
Жумгал.

Джуно Ким сегиз жылдан бери дүйнө аралап саякаттап жүрөт. Бул убакыт аралыгында ал 40 ашуун өлкөнү кыдырган.

Ким Түштүк кореяда жазуучу, фотограф жана блогер катары белгилүү.

Джуно Ким Соң-Көлдө.

Саякатчы өзүнүн RunawayJuno.com блогунда көрүп келген өлкөлөр жөнүндө жазат. Алардын катарына бул жылы Кыргызстан дагы кошулган.

Джуно Кыргызстанга анын үрп-адаттары менен өзгөчөлүктөрү жөнүндө бир нече макала арнап жазган.

Соң-Көл

Кыргызстан жөнүндө акыркы сүрөт баяны «Кыргызстандагы эң сонун жерлер сүрөттөрдө: Сен ишенич үчүн көрүшүң керек» деген аталышта жарык көргөн.

«Мен он күн аралыгында ушундай таң калычтуу өлкөнүн анча чоң эмес гана бөлүгүн изилдеп чыктым жана сүрөткө тартпай коюу мүмкүн эмес эле. Эми мындай кооз нерселер менен бөлүшкөнгө убакыт келип жетти. Бул Кыргызстанда жасалган сүрөттөрдүн бир бөлүгү», — деп жазган Джуно өзүнүн блогунда.

Көл-Үкөк.

Джуно улуттук кыргыз суусундугу эсептелген кымызды «сыйкырдуу» ичимдик деп атап, анын курамы менен тарыхын изилдеп чыккан соң ага бүтүндөй бир макала арнап жазган.

Дагы бир өзүнчө макаланы Ысык-Көлгө арнаган. Ким Кыргызстанда көл жээктери бар экенин күткөн эместигин айткан.

«Эмне кылуу керек? Судаа сүзүү керек жана сууда сүзүү керек», — деп жазат ал.

Токмок, Бурана мунарасы.
Бишкек.

Ал эми Токмок шаарында анын көзүнө Бурана мунарасы учураган, Бишкекте болсо азык-түлүк базары көңүлүн бурдурган. Бирок эң чоң сүрөт баянды Нарын облусундагы Жумгал районуна жана Көл-Үкөк, Соң-Көл көлдөрүнө арнаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: