Текебаев БШКнын мамлекеттик тил боюнча баш тартуусун даттанат

Президенттикке талапкер жана оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары БШКнын мамлекеттик тилге киргизбөө чечимин даттанат. Учурда Текебаев коорупция боюнча айыпталып ТИЗОдо отурат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Kloop.kgге курган маегинде, БШК Текебаевди «соттолуучу» болгондугу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынагына киргизбей койгонун билдирди.

«Алар өзүнүн чечиминде БШК шектүүлөр менен айыпталуучуларды тест тапшырууга киргизе алышканын жазган. Бирок алардын айтымында, Текебаев «соттолуучу» жана бул маселе менен сот алектениши керек», — деди ал.

Токтакунованын айымында, «шектүү», «айыпталуучу» жана «соттолуучу» түшунүктөрү бирдей эле маанини билдирет, ал эми Боршайком «процессуалдык кодекстерди билбейт».

Тест тапшыруу президенттик кызматка талапкер катары катталуу үчүн сөзсүз түрдөгү шарт. Мамлекеттик тил сынагын 9-сентябрга чейин тапшырса болот, анткени 10-сентябрда президенттикке талапкерлерди катто аяктайт.

Боршайкомдун жумушчу тобу 10-августта оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусуна каршы чечим чыгарган.

Саясатчынын сынакка катышуусуна жумушчу топтун тогуз мүчөсү каршы добуш берген, ал эми макулдугун бергендер Гүлнара Журабаева, Атыр Абрахматова менен Назарали Арипов.

Журабаева БШКнын милдети «бардык талапкерлерге бирдей укук берүүдө» деген.

БШКнын Текебаевге карата «аракетсиздиги»

Бишкектин райондор аралык соту 7-августта ТИЗОдо отурган президенттикке талапкер Текебаевдин мамлекеттик тил сынагын тапшыруусу боюнча маселеде БШК аракетсиздик кылып жатканын тааныган.

Сот саясатчынын жарандык укугун камсыздоо боюнча чаралар көрүүлүсү керектиги боюнча БШКга карата чечим чыгарган, бирок Боршайком бул маселе сот аркылуу чечилиши керектигин айткан.

Текебаев октябрда өтө турган келерки президенттик шайлоого талапкерлердин бири. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 2017-жылдын февраль айында кармаган.

Оппозициялык «Ата мекен» фракциясынын башчысы Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы менен анын тарапташтары бул ишти Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо укугунан ажыратуу үчүн атайын саясий буйрук деп сыпатташууда. Текебаев президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясаттын башкы сынчыларынын бири.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: