Жээнбеков «Жогорку Технологиялар Паркынын» ачылышы боюнча эмгекти өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн сынга алынды

«Жогорку Технологиялар Паркынын» түзүүчүлөрүнүн бири Эрмек Ниязов премьер-министрдин парктын пайда болушу менен негизделишин өзүнүн эсебине ыйгарып алуусу туура эместигин жазган. Анын айтымында, Жээнбековдун борбордун ачылышына эч кандай тиешеси жок.

Премьер-министр 11-августта жаштар менен жолугушууда «Жогорку Технологиялар Паркы» ишке киргенин билдирген. Анын айтымында, жаш ишкерлер борбордун өнүгүшүнө жигердүү катышышат.

«Мен биздин жаш ишкерлерлерибиз менен биргелешип учурда ийгиликтүү иштей баштаган "Жогорку Технологиялар Парк" долбоорун ишке киргизип жатканыбызга кубанычтамын», — деди Жээнбеков.

Ишкер Эрмек Ниязов премьер-министрдин билдирүүсүнө көңүл буруп Жээнбековду жалганчылыкка айыптады. Анын айтымына караганда, премьер-министрдин бордордун ишке кирүүсүнө эч кандай тиешеси жок.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына Жээнбеков өкмөттүн атынан сүйлөгөнүн билдиришти.

«Биз постту көргөндөн кийин, биз инстаграмдагы видеону көрүп чыктык. Видеодо премьер-министр өкмөт менен жаштар биргелешип, биз  [өкмөт] долбоорду ишке киргиздик», — деп айтышты министрликтин басма сөз кызматынан.

Ниязов Kloop.kgге курган маегинде Жээнбеков «Парктын» ачылышына катышпаганын тастыктады.

«Премьер-министр борбордун түзүлүшү менен башкаруусуна эч кандай катышкан эместигин айта алам. Өкмөттүн IT-долбоорлору жок, бирок "Таза Коом" аталыштагы долбоору бар. Ал жакка алар бардыгын кошуп жатышат», — деди ал.

Эрмек Ниязов 2013-2015-жылдар аралыгында «Кыргызтелекомдун» вице-президенттик кызматын аркалаган. Ал ошондой эле «Республика Ата Журт» партиясынын атынан 2016-жылдын ноябрында шаардык кеңешке талапкерлигин койгон.

«Жогорку Технологиялар Паркы» 2013-жылы түзүлгөн, ал программалык камсыздоолорду жаратуучу борбор. Борбордун шартына ылайык алардын 80% кызматынан кем эмеси экспортко чыгышы керектиги эске алынса эл аралык компаниялар менен жергиликтүү ишкерлер анын резиденти боло алышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: