Нидерландия: Прокуратура чиркөөдө тартылган порнографиялык тасманын авторлорун жазалабайт

Нидерланддын чиркөө кызматчылары башкы прокуратурага актёрлор жергиликтүү чиркөөдө жыныстык катнашка батып жаткан порнографиялык тасма үчүн арызданышты. Укук коргоочулар видео тасманын авторлорун жазалоо мыйзамы беш жыл мурун артка кайтарылганын негиз келтирип аларды жоопко тартуудан баш тартышты.

Нидерланд прокуратурасы Тилбург шаарындагы Ыйык Иосифтин чиркөөсүндө тартылган порнографиялык тасмага наарызы болгон католикалык чиркөөнүн дин кызматчыларынын арызын кароодон баш тартты.

Тасманы голландиялык порнография сайтына 2017-жылдын январында жайгаштырышкан. Анда актёрлор готикалык чиркөөдө жыныстык катнашка барышкан.

Чиркөө кызматчыларынын арызынан кийин прокуратура порнографиялык тасманын актёрлорлорун жоопко тарта албастыгын билдирген, анткени бул боюнча мыйзам Нидерландыда 2012-жылы артка кайтарылган.

«Биз тасманы кемсинткендик жана сыйлабандык деп эсептейбиз, бирок биз мыйзамдарды карап чыктык жана бул жерден кылмыштуулукту тапкан жокпуз. Мыйзамда жазага тартуу каралган эмес жана бирөөнүн аймагына мыйзамсыз кирүү фактысы дагы жок», — деп билдирди прокуратура.

Бирок чиркөөнүн өкүлдөрү прокуратуранын чечимине нааразы. Алардын айтымында, тасманын авторлору сыйынуучу жайга тосмодон секирип өтүп мыйзамсыз киришкен.

«Юстиция министрлиги чиркөөнүн дарбазасына «кирүүгө тыюу салынат» деп жазып коюу керек болгондугун айтышууда. Мына ошол учурда гана биз мындай иштерге баргандарды жоопко тарта алабыз. Бирок мындай жазманы чиркөөнүн кире беришине илип койгонубуз акылга сыйбагандык», — деп айтты чиркөөнүн кызматчысы Харри де Сварта.

Чиркөө кызматчысынын айтымында, Нидерландынын сот адилеттиги боюнча мыйзамдарында кенемтелер бар. Ал мындай көрүнүштөргө карата жаза тартууну белгилеген мыйзамдын кайтарып алынышына наарызы.

Учурда Ыйык Иосиф чиркөөсүнүн жетекчилиги жарандык сотко арыз менен кайрылууну чечип жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: