Шайлоо-2017: Бабанов президенттикке талапкердин күбөлүгүн алды

БШК Өмүрбек Бабанов расмий түрдө президенттикке талапкер болуп катталганын билдирди. Ал Боршайкомдон күбөлүк алган экинчи талапкер болуп калды.

Боршайкомдон Kloop.kgнин кабарчысына Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жана депутат Өмүрбек Бабанов өлкө президенттигине талапкердин расмий күбөлүгүн алганын маалымдашты.

«Ал өзүнүн талапкерлигин каттоо үчүн бардык талап кылынган нерселерди тапшырып 2017-жылы өтө турган шайлоодогу президенттикке талапкердин күбөлүгүн алды», — деп БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бабанов БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон тарапташтарынын 107 миң кол белгисин тапшырган. Алардын ичинен 103 миңи анык деп табылды.

«Республика» партиясынын башчысы Өмүрбек Бабанов 1-июлда президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыгаарын билдирген.

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызмат үчүн Бабановду расмий эмес түрдө колдогон.

Ал эми өлкө башчысы президенттик шайлоого аттанып жаткан учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду расмий түрдө колдойт.

Президенттикке талапкердин биринчи күбөлүгүн мурдагы премьер-министр Темир Сариев алган. Ал өзүн колдогон 60 миң жарандын кол белгисин тапшыруу менен мамлекеттик тил сынагынан да өткөн.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланат. Ал эми Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: