Бишкек мэри жаңы жолдор оңдоосуз 10 жылга чейин чыдаарын убада кылды

Бишкек мэри Албек Ибраимов кытай грантына курулган жаңы жолдор капиталдык оңдоосуз 10-15 жылга чейин кызмат кылаарын билдирди.

Ибраимов журналисттер менен жолугушууда жолдордун жарымын 2017-жылдын октябрына чейин ал эми калганы эмки жылы бүтөөрүн билдирди.

Мэрдин айтымында, шаар бюджетинен дагы 51 көчөнү оңдоп түзөө үчүн 604 миллион сом бөлүнгөн.

«Биз үчүн эң башкысы курулуш мезгили мүмкүн болушунча узак болгону жакшы. Эгерде кыш эрте түшсө албетте кайсыл бир жумуштарды аткара албай калабыз. Суукта жана жаанчыл убактарда асфаль төшөгөн болбойт», — деди Ибраимов.

Мэр Фрунзе менен Төрөкул Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде көпүрө салуу менен борбордун Чүй менен Жибек Жолу көчөлөрүн тыгындардан бошотууну убада кылды.

«Абдан олуттуу бошотуу болот. Жолдун туурасы 11,5 метрди түзөт. Бул жылы Айтматов көчөсү Салиев көчөсүнө чейин узартылат, андан кийин келечекте Жибек Жолуна чейин», — деди ал.

Ибраимовдун айтымында, жолдорду куруу көптөгөн инфраструктуралык маселелердин чыгышына себеп болду, анткени арыктарды, эски канализациялык жана суу түтүктөрүн жаңылоого туура келди.

«Мамыларда кабелдерди орнотуп жатабыз. Жарык дагы болот, тагыраак айтканда толук жайландыруу иштерин жүргүзүп жатабыз», — деди мэр.

Ибраимовдун айтымында, көпүрө курууда планга кирген эки жер участокторунда талаштуу маселе жаралды. Мэр аталган жер участокторунун ээлерине кун төлөп берүүнү убада кылды.

Кытай Бишкектин 49 көчөсүндөгү жолдордун 90 чакырымын оңдоого төрт миллиард сомдон ашуун каражат бөлүп берген.

Айрым көчөлөрдөгү оңдоп түзөө иштери жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратты, алар жол жээктериндеги бактардын кыйылышына каршы чыгышкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: