Бишкектиктер бактардын кыйылышы боюнча мэрияны сотко беришти

Токтоналиев көчөсүнүн тургундары Бишкек бийлигин бактардын макулдашылбай кыйылышы менен митинг учурунда активисттердин мыйзамсыз кармалышы боюнча айыптап чыгышты. Шаар бийлиги бардыгы мыйзам чегинде болгонун айтууда.

Токтоналиев көчөсүндө жашаган Бишкектиктер 143 бак-дарактын мыйзамсыз жана макулдашылбай кыйылганы боюнча мэрияны айыптап чыкты. Бул иш боюнча биринчи соттук жыйын 15-августта Бишкектин райондор аралык сотунда болду.

Тургундардын айтымында, мэрия оорукчан эмес эле бактарды кыйып ордуларына сым карагайларды орнотуп салган.

«Качандыр бир бул көчө Ботаникалык деп аталган. Тилекке каршы биринчи соо бактарды андан кийин гана оорукчан бактарды кыйышты», — деп айтты эколог Дмитрий Ветошкин Kloop.kgге курган маегинде.

Мэриянын өкүлү Елена Артюшенконун айтымында, шаар бийлиги бактарды кыюу учурунда мыйзам чегинде иш кылышкан. «Биз тараптан мыйзамдын нормалары бузулган жок. Биз мыйзам чегинде иш алып баруудабыз. Бизде бардык уруксат кагаздары бар», — деди ал.

Эмне үчүн бактардын кыйылганын түшүндүрүү үчүн сот «Зеленстройдун» адистерин чакырган. Бул «Зеленстройду» «кызыктадар тарап» деп атаган тургундардын нааразылыгын жаратты, анткени бул муниципиалдык ишкана.

Сот жашоочулар менен макул болуп жагдай боюнча үчүнчү тарап Бишкек курулуштун эксперттеринин пикирин угууну талап кылды.

Жыйын Бишкек курулуштун кызматкерлеринин катыштыгында 22-августта уланат.

Шаар бийлиги 2-июнда Токтоналиев көчөсүндө 143 бак-дарактарды кыйып салган.

Жергиликтүү жашоочулар менен экологдор бактардын кыйылышын токтотууну талап кылып тынч митингге чыгышкан. Бирок аларды курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратуу аракети боюнча кармашкан. Сот ошол эле күнү аларга эскертүү берип коё берген.

Бактарды кыюу — Бишкек шаар мэриясынын кытай грантына 49 көчөнү оңдоп түзөө үчүн пландын жарымысы.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: