Хакерлер HBO телеканалынын твиттердеги аккаунтун бузушту

«OurMine» хакерлер тобу HBO телеканалынын твиттердеги аккаунтуна кирүү мүмкүнчүлүгүн алды. Бул акыркы жумаларда хакерлердин комапанияга кылган экинчи жолку чабуулу. Акыркы жолу хакерлер телеканалдан «Такты оюндарынын» чыга элек серияларынын сценарийлерин уурдап кетишкен. Кийинчерээк алар 6 миллион доллар өлчөмүндө кайтарым төлөм сурашкан.

«OurMine» хакерлер тобу телеканалдын твиттердеги аккаунтуна кайрылуу жазып калтырышкан, бирок кийинчерээк ал өчүрүлгөн:

«Салам, бул OurMine. Биз жөн эле силердин коопсуздугуңарды текшерип жатабыз. HBOнун командасы, сураныч, коопсуздугуңарды жогорулатыш үчүн бизге кайрылгыла», — деп айтылат кайрылууда.

Каналдын жетекчилиги бул окуяга эч кандай комментарий бере элек.

Акыркы бир нече жумада HBO бир катар хакердик чабуулдарга дуушар болгон. Бир жума мурун арам ойлуулар «Такты оюндарынын» чыга элек сценарийлерин уурдап кетишип, 6 млн доллар өлчөмүндө кайтарым төлөм талап кылышкан.

Мындан тышкары, HBOнун испаниялык бөлүмү «Такты оюндарынын» жетинчи сезонундагы алтынчы эпизодун катачылык менен чыгарып алышкан, анткени анын биринчи жолку көрсөтүлүшү 21-августка белгиленген болчу.

Натыйжада алтынчы сериянын кадрлары менен видео тасма интернетке чыгып кеткен. Интернет түйүндөрүндө алтынчы серияга карата жазылган көптөгөн спойлерлер менен каттар калтырылган.

Бул жарыкка чыга эле сериялардын эпизоддорун алууга мүмкүнчүлүк жаралган биринчи эле жолку учур эмес.

Хакерлер 2015-жылы «Такты оюндарынын» бешинчи сезонунун биринчи көрсөтүлүшүнүн алдында интернет түйүндөрүнө тасманын биринчи төрт сериясын жүктөп салышкан.

«Такты оюндары» — фантастика жанрындагы Американын телесериалы, тасма Жордж Мартиндин «Өрт менен муздун ыры» романын негизинде жаралган.

«Такты оюндары» HBO телеканалынын тарыхында эң эле ийгиликтүү сериал болуп калган. Жалпы жонунан телесериал 58 сыйлыкка ээ болгон, алардын арасында "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктары бар. Орто эсеп менен айтканда сериалдын ар бир эпизодун дүйнө жүзү боюнча 10 млн адам көрөт.

Сүрөт: BBC

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: