Калыкбек Султанов Атамбаевдин кеңешчиси кызматынан кетти

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Калыкбек Султановдун кызматынан кетиши боюнча жарлыкка кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Атамбаев 17-августта жарлыкка кол койгонун билдирди. Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын өзү берген.

«Өз каалосу менен, мына ушул себеби, башка себеп жок», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Азырынча ал кызматтан кеткенден кийин эмне менен алек болоору белгисиз.

Президенттин эми бир эле расмий кеңешчиси калды, ал дин жана тарых маселелери менен алектенген Мира Карыбаева.

Атамбаевдин ошондой эле коомдук башталыштагы кеңешчиси бар, ал президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов.

Султанов президенттин кеңешчиси кызматына 2016-жылдын май айларында киришкен. Буга чейин ал төрт жыл транспорт жана коммуникация министри болгон.

Мындан тышкары Калыкбек Султанов президенттик социал-демократтар (КСДП) партиясынын саясий кеңешинин мүчөлүгүнө кирет.

Ошондой эле, 2017-жылдын июнунда Атамбаевдин кеңешчиси кызматынан Фарид Ниязов дагы кеткен. Кийинчерээк ал КСДПнын шайлоо алдындагы штабында кызмат кылаарын билдирген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: