Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Жээнбековдун Бишкектеги штабын жетектейт

Президенттин кеңешчиси кызматынан кеткен Калыкбек Султанов учурдагы премьер-министрлик кызматты аркалаган жана президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Бишкектеги шайлоо штабын жетектейт.

КСДПнын басма сөз кызматынан Kloop.kgге билдиргендей, Султанов Жээнбековдун Бишкектеги штабынын начальниги болуп жана талапкердин республикалык деңгээлдеги шайлоо кампаниясына жооптуу Фарид Ниязовдун орун басарлыгына дайындалган.

Ниязов менен Султанов экөө президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчилери болгон. Ошондой эле, мурдагы эки кеңешчи президенттик социал-демократтар партиясынын мүчөлүгүнө кирет.

Султанов 17-августта президенттин кеңешчиси кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Президенттин эми бир эле расмий кеңешчиси калды, ал Мира Карыбаева. Ошондой эле коомдук башталышта иштеген кеңешчиси Икрамжан Илмиянов бар.

Султанов президенттин кеңешчиси кызматына 2016-жылдын май айларында киришкен. Буга чейин ал төрт жыл транспорт жана коммуникация министри болгон. Мындан тышкары, ал өкмөт мүчөсү болуп келгенге чейин курулуш компаниясында директорлук кызматты аркалаган.

Жээнбековдун талапкерлигин чыгаруу

Жээнбеков президенттик кызматка КСДП партиясынын атынан чыгууда. Бул туурасында партия 15-июлда социал-демократтардын курултайында билдирген.

Анын талапкерлигин партиянын көпчүлүгү колдогон жана президент Алмазбек Атамбаев өзү Жээнбеков «өлкө үчүн жакшы тандоо» деп атаган.

Бирок президенттикке башка талапкерлер Рита Карасартова менен мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Жээнбековду үгүт иштери үчүн «кызматтык абалын пайдаланууда» деп айыптап чыгышкан.

Боршайком арыздарды текшерип чыгып, өкмөт башчынын аракеттеринде мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан отставкага кетиши керек, болжолдуу бул 21-августта болот.

Бул кызматка анын ордуна ким келээри белгисиз, мыйзамга ылайык ал анын орун басары Мухаметкалый Абулгазиев болушу керек, бирок ЖМКлар бул кызматка учурдагы президенттин администрация башчысы Сапар Исаков келет деп жазып жатышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: