Коомдук тармактагы билдирүүдөн кийин 9 жаштагы кызга протез коюлду

Тогуз жаштагы Караколдук Надянын окуясы коомдук тармактарда чуу жараткандан кийин көзүнө протез коюлду. Сол көзү жок кичинекей кыз базарларда кайырчылык сурап, өзүнө протез койдурууга акча топтогонго аракет кылган.

Надянын апасы Ольга Киселева «Кактус» басылмасына уюмдун аты жашыруун калуусун каалаган бир компания кызына протез коюп берүүгө макул болгонун айтып берди.

«Бизге жардам берген адамдарга ыракмат. Мага чалып протез менен жардам берүүгө даярбыз деп айтышканда, мен үйгө чуркап кирип, тез-тезден кийимдерди чогултуп дароо эле Бишкекке жөнөдүк», — деди Киселева.

Анын айтымында, бишкектик врачтар буга чейин базарларда кайырчылык менен протезге акча чогултуп жүргөн кызына экинчи жолкудан эле протез коё алышкан.

Надя туубаса глаукома менен төрөлгөн. Мындан тышкары бир нече ийгиликсиз операциялардан кийин врачтар анын сол көзүн алып салууга мажбур болгон, ошон үчүн Надя өзүнүн теңтуштарынан уялып, мектеп окуусу башталгыча протез койдуруу үчүн акча топтогонго шашылган.

«Врач эгерде мен жыгылып же протезди түшүрүп алсам, ал сынып кайра башкасын тагуу керек болуп кала турганын түшүндүрүп берди. Жада калса сынып калган протезди көрсөтүштү. Бирок мен аярлайм», — деп убада берди Надя.

Жалпысынан операцияга 21 миң сом талап кылынган, бирок Надянын үй-бүлөөсү мындай чыгымды көтөрө алмак эмес.

Надянын көзүнө протез койдуруу үчүн Караколдун базарларынын биринде кайыр сурап жүргөн сүрөттөрүн коомдук тармактардын колдонуучулары менен эки күн мурун журналисттер таратышкан.

Окуя коомдук тармактарда кызуу талкууга алынганына байланыштуу тез арада протез коюуга мүмкүн болду.

«Мен көз жашымды токтото албай жатам. Врач менен протез тандап аткан учурда мен кабинеттен чыгып кеттим, анткени көзүмөн жаш жүгүрүп жатты. Мен балага жакшы болоорун билем, оң көзүнө күч келбей калат», — деп сүйүндү Надянын апасы.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: