Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү акыркы алты жылда биринчи жолу жогорку чегине чейин толду. Бул туурасында «Электр станциялар» компаниясы билдирди. Бирок кыргызстандыктар үчүн суунун жогорку чегине чейин толгондугу эмнени түшүндүрөт?

Суу сактагыч дайралардан аккан суулардын ылдам келишинен улам толду. «Электр станциялар» августтун башында суунун көлөмү абдан жогору болгонун белгилешкен.

«Электр станциялар» компаниясынын кызматкери Kloop.kgге Токтогул суу сактагычынын толуп тургандыгы 2017-2018-жылдарында күз-кыш мезгилдеринде кыргызстандыктарды электр энергиясы менен камсыз кылууга оң таасирин берет деди.

«Суунун агып келиши менен электр энергиясын өндүрүү көбөйөт. Суу сактагычтын толуп тургандыгы келерки күз-кыш жылытуу сезону үзгүлтүксүз жана токтоосуз болоорун билдирет. Электр энергиясына тартыштык болбойт», — деди ал.

Токтогул суу сактагычы тосмо менен Нарын дайрасында жасалган. «Электр станциялар» компаниясынын кызматкеринин айтымында, гидроэлектростанция өзү Кыргызстанды электр энергия менен 40-50 пайызга камсыздайт.

Суу сактагычтын жогорку көлөмү 19,5 млрд куб метрди түзөт. Акыркы жолу суунун мындай деңгээли 2011-жылы катталган. Басма сөз кызматынан билдиришкендей, суу сактагычтын толуп турушу жаратылыш шартынан көз каранды.

Негизинен суунун төмөн болгон көрсөткүчү күз-кыш жылытуу мезгилдерине начар таасирин тийгизет. Мисалы 2014-жылы Токтогул суу сактагычы болгону 75 пайызга гана толуп, өкмөт бул жагдайды «кооптуу деңгээл» деп атаган. Токтогул ГЭСнин директору Алмаз Кушубаков 2014-жылы станция үчүн 19,5 млрд куб метр суунун ичинен «кооптуу ченеми» 5,5 млрд куб метр экенин айткан.

Которгон Алмир Алмамбетов

ТЕМА БОЮНЧА: