Чаткал: Өрттүн айынан көп кабаттуу үйдүн 29 жашоочусу турак жайсыз калды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айлындагы турак жай 18-август түнү толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрттүн натыйжасында каза тапкандар жок, бирок кырсыктын кесепетинен көп кабаттуу батирдин 29 жашоочусунун бардык үй мүлкү күйүп кеткен.

Үйдүн жашоочулары турак жайсыз калышып, ал эми бардык үй мүлктөрү документ, акчалары кошуп күйүп кеткен. Бардыгы болуп көп кабаттуу үйдө 29 адам жашаган.

ӨКМнин райондук бөлүмүнүн начальниги Алтынбек Сулайманов тургундар азырынча бир туугандарыныкына жайгаштырылганын билдирди.

Аталган мекемеде убактылуу жашоо үчүн тургундарга чатырларды орнотуп берүү маселесин чечип жатышат.

Жергиликтүү бийлик органдары ар бир үй-бүлөгө тамак-аш жана башка тазалык каражаттары үчүн 20 миң сомдон бөлүп берди. ӨКМ өрттүн келип чыгуу себептерин текшерип жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: