«Терракт коркунучунан» улам Кыргызстан боюнча текшерүүлөр жүрөт

Кыргызстандын патрулдук милициясынын башкы башкармалыгы сентябрга чейин текшерүүлөрдү жүргүзөт. Укук коргоо органдары шек жараткан машиналар менен буюмдарды текшерүүгө алат.

Патрулдук милиция ар бир «шек жараткан» машинаны токтотуп текшерет. Патрулдук милициянын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун айтымында, бул текшерүү бир гана терракт коркунучуна тийиштүү эмес, ошондой эле келерки Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо менен окуу жылынын башталышына дагы байланыштуу.

«Кайсы машина жана айдоочу шек жаратуучу экенин айтуу кыйын, эң негизгиси бул [автомобилдик] жол кыймылынын катышуучусунун жүрүм-турумунан көз каранды», — деди Саркулов.

УКМК коркунуч Сиражиддин Мухтаров тектүү адам башкарган «Жамаат таухидва Жихад» кыймылы тарабынан чыгышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. Кыргызстанда ал 2016-жылдын августунда Кытай элчилигинде терракт уюштурууга айыпталып жатат.

УКМК 2017-жылдын июн айынын соңунда чек араларга чектеш аймактарда бир нече терракт уюштурууну пландап жаткан төрт кыргызстандыкты колго түшүргөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча кармалгандар терракт уюштуруу үчүн колго жасалган жарылуучу заттар менен ок атуучу куралдарды пайдаланганы жатышкан. Кармалгандардын бардыгы УКМКнын ТИЗОсуна камалган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: