Бишкек: УКМК ЦУМдагы бомба тууралуу кабарлаган адамды тапты

ЦУМда бомба коюлушу ыктымалдыгын билдирген адамдын тек-жайы аныкталды. Ага карата кылмыш иши козголот.

Ыкчам кызматкерлер ЦУМда бомба коюлганы жөнүндө телефон аркылуу жалган айткан адамды табышты. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

«Ыкчам-издөө иш чараларынын жыйынтыгында жалган чакыруу кылган 1973-жылы туулган С.Т. тектүү кыргыз жараны экени аныкталды», — деп маалым кылышты басма сөз кызматтан.

Иштин материалдары УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына кылмыш ишин козгоо үчүн өткөрүлүп берилди.

Белгисиз адам 20-август күнү күндүзү ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө ЦУМда бомба коюлганын билдирген. Имарат курчоого алынып, ичиндеги адамдар тышка чыгарылган.

Бомбаны издөө иштерин УКМКнын зыянсыздандыруу кызматкерлери жүргүзүштү. Укук коргоочулар жарылуучу зат табышкан жок. Ал эми ИИМге келген телефондук чакыруу жалган деп табылды.

Сүрөт: Максат Элебесов, «Спутник»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: