Шайлоо-2017: БШК Төрөбаевдин тарапташтарынын кол белгилерин кабыл алды

Боршайком президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин тарапташтарынан чогултулган кол белгилерди кабыл алды. БШК саясатчынын колдоосуна чогултулган 68 миңден ашык кол белгини тааныды.

БШКнын маалыматына ылайык, Төрөбаев өз тарапташтарынын 72 миң кол белгисин тапшырып, алардын ичинен 4 миңден ашууну жараксыз деп табылган.

Анткен менен Төрөбаев президенттикке талапкер катары катталыш үчүн БШКга текшерүүдөн өткөн жетиштүү сандагы кол белгилерди тапшырган.

Буга чейин ал кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырган.

Бакыт Төрөбаев — Кыргызстандын түштүгүндө белгилүү болгон президенттикке талапкерлердин бири. Ал 6-августта түштүк аймактан чыккан Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчылар менен жаңы партия түзүш үчүн бириккен.

Саясатчылар шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдош үчүн биригишкенин айтышкан. Ошол талапкердин ким экенин азырынча белгисиз.

Аталган төрт саясатчы тең ушул жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоодо ат салыша турган талапкерлер болуп саналат.

Жаңы партиянын азырынча аталышы менен эн белгиси жок. Жакында эле Төрөбаев жаңы партияга аталыш менен дизайн ойлоп тапканга iPhone 7 үлгүсүндөгү смартфон белекке бере турганын коомдук желеде жазып чыккан.

Азыркы күндө Боршайком президенттикке талапкер катары үч саясатчыны каттаган. Алар: мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов жана азыркы министрлер кабинетинин башчылыгынан 21-августта кете турган Сооронбай Жээнбеков.


ТЕМА БОЮНЧА: