Абулгазиев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Мухамметкалый Абулгазиевдин дайындалышы боюнча жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Абулгазиев премьер-министрдин милдеттерин өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин аткарат.

Атамбаев Абулгазиевдин премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары дайындалышы боюнча жарлыкка кол койду. Вице премьер-министр президенттик шайлоого аттанып жаткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ордуна келди.

Абулгазиев жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин бул кызматты аркалап турат. Буга чейин Атамбаев премьер-министр Жээнбеков менен анын жетекчилигиндеги өкмөттүн курамын отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Жээнбеков «бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү» үчүн өз кызматынан кетип жатканын айткан.

Ал эми Атамбаев Жээнбековдун өкмөтүн акыркы алты жылда «бардыгынан да мыкты» болгондугун жана премьер-министр өзүнө коюлган «үмүттү актады» деп билдирген. Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка 2016-жылдын 13-апрелинде киришкен. Буга чейин ал президенттик апппарат жетекчисинин орун басарлык кызматын аркалаган.

Жээнбеков бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынан президенттикке талапкер. Анын талапкерлиги 15-июлда өткөн партиянын курултайында көрсөтүлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: