Атамбаев өкмөттүн отставкага кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөт курамынын отставкага кетүү тууралуу арызын жактырды. Бул Жээнбековдун президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнүнө байланыштуу болду.

Атамбаев жарлыкка 22-августта кол койду. Бул учурдан тартып министрлер кабинетинин өкүлдөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өкмөттүн жаңы курамы түзүлгүчө улантышат.

Парламент өкмөттүн жаңы курамын түзүшү керек. Бирок өкмөттүн жаңы курамы качан бекитилээри анык эмес, анткени депутаттар учурда эмгек эс алуусунда жүрүшөт жана алар өз кызматтарына 1-сентябрда гана келишет.

Президенттик социал-демократтар (КСДП) партиясынан президенттикке талапкер Жээнбеков «бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү» үчүн өз кызматынан кетип жатканын айткан.

«Сиз дайыма бул позицияны колдоп турдуңуз, эл сизди бир гана демилгечи дебестен таза шайлоонун кепилдиги деп ойлойт. Ошондуктан менин отставкага кетүүмдү кабыл алууну суранам. Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүнөн шек саноолорду болтурбоо максатында шайлоодон жеңип чыгышым абдан маанилүү», — деди Жээнбеков президентке.

Ал эми Атамбаев Жээнбековдун өкмөтүн акыркы алты жылда «бардыгынан да мыкты» болгондугун жана премьер-министр өзүнө коюлган «үмүттү актады» деп айткан.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка 2016-жылдын 13-апрелинде киришкен. Буга чейин ал президенттик апппарат жетекчисинин биринчи орун басарлык кызматын аркалаган.

Мурдараак Атамбаев Жээнбековду ачык эле колдоп сүйлөп, аны өлкө үчүн «жакшы тандоо» деп атаган.

Бирок башка президенттикке талапкерлер Жээнбековдун дарегине сын пикирлерди айтышкан. Көпчүлүк учурда Жээнбековду «административдик ресурс» жана «кызматтык абалын пайдалануу» боюнча мурдагы премьер-министр Темир Сариев менен укук коргоочу Рита Карасартова айыптап чыгышкан.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Жээнбековдун иш аракеттеринде мыйзам бузууларды тапкан эмес жана 21-августта аны президенттикке талапкер катары каттаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: