Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргыз курамасы мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты

Кыргызстандан барган команда Тажикстандын улуттук курамасын 15:2 эсебинде жеңген. Бул жеңиш кыргызстандыктардын Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде мөөнөтүнөн мурда финалга чыгышына өбөлгө түзгөн.

Кыргыз командасы Түркия, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстанды «A» тайпасында жеңип, жалпы 12 упайдын ичинен 12син топтогон. Бул улуттук курамага 27-августта Астанада өтө турган дүйнө чемпионатынын финалына чыгуусуна шарт түзгөн.

Бирок Кыргызстан 25-августта Америка Кошмо Штаттарынан келген спортчулар менен таймашышы керек, бирок оюндун жыйынтыгы кыргызстандыктардын финалга катышуусуна таасир этпейт.

Финалда Кыргызстан «B» тайпасындагы жеңүүчүлөр менен кездешет. Азырынча кайсы өлкөнүн улуттук курамасы Кыргызстан менен жолугушаары белгисиз.

Кыргыз командасы Тажикстанды жеңип, финалдан орун камсыздай алган. Биринчи айлампада кыргызстандыктар эсепти 9:0 менен жүргүзүп жатышкан, экинчи айлампада 6:2 эсеп менен өздөрүнө жеңишти имеришкен.

Таймаштын башталышы ызы-чуу менен коштолгон. Кыргызстдыктарга такасы бар аттар менен чыгууга тыюу салышып, аларга техникалык утуулу ыйгарып коюшкан.

Калыстардын айтымында, аттын арткы эки бутундагы такалар катышуучуларга жаракат алып келиши мүмкүн. Бирок кыргыз командасынын башчысы аттардын ден соолугуна зыян келет деп оюн талаасына чыгуудан баш тарткан.

Калыстар тобу техникалык утулууну артка кайтарып, кыргыз улуттук курама командасына Монголия менен ойногоо уруксат берген.

Көк бөрү боюнча биринчи чемпионат EXPO-2017 дүйнөлүк көргөзмө өтүп жаткан учурда уюштурулган.

Бардыгы болуп турнирде 12 өлкө ат салышууда: Алар Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, АКШ, Түркия, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай жана Ооганстан.

Көк бөрү — байыркы ат оюндары, ал Борбор Азия көчмөн калктардын арасында белгилүү. Эки команданын атчандары каршылашынын тай казанына киргизүү үчүн улак тартышышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: