«Республика — Ата журт» парламенттик фракциясы Сапар Исаковдун премьер-министрлик кызматка талапкерлигин колдогон жок. Алардын пикиринде, Исаков президенттик шайлоодо «административдик ресурс» колдонуу үчүн чыгарылып жатат.

«Республика — Ата журт» фракциясынын депутаты Табылды Тиллаевдин айтымында, президенттик шайлоо бүткүчө Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүн убактылуу милдетин аткаруучу болуп калышы керек.

«Оппозициялык азчылыкты түзгөн фракция катары биз бул талапкерди колдой албайбыз. Аны келерки шайлоодо административдик ресурс колдонуу үчүн чыгарушууда», — деген ал «Азаттык» үналгысына курган маегинде.

Тиллаев өкмөт кабинетинин башчылыгына альтернативдик талапкерди чыгаруу үчүн башка фракциялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Шайлоо алдында жаңы премьер-министр алып келүү туура эмес. Президент шайлоо таза өтөт деп билдиргенине ылайык, оппозициянын өкүлдөрүнөн же кызыкдар эмес адамды премьерликке дайындоо туура болмок», — деди Тиллаев.

Бийликчил КСДП партиясы 24-августта премьер-министрлик кызматка учурдагы президенттин администрация башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин чыгарган.

КСДП партиясынын башчысы Иса Өмүркулов Исаковду «жаш креативдүү реформаторлордон турган командасы бар жаш жана перспективдүү жетекчи» деп атаган.

«Мен алар өкмөт алдында турган маселелерди ыкчам чече алышат деп ойлойм. Жашоо ордунда турган жок, мен өкмөттүн жаңы курамы заманбап чакыруулар менен коркунучтарга ыкчам көңүл бурат деп ишенем», — деди Өмүркүлов.

Өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңештин 25-августта өтө турган кезексиз жыйынында бекитилет. Мындай жагдай премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин пайда болгон.

Жээнбеков президенттикке талапкер катары катталгандан кийин «бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүү үчүн» өкмөт башчылык кызматтан кеткен.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: