Сот Токтоналиев көчөсүндөгү бактардын кыйылышы боюнча мыйзам бузууларды тапкан жок

Бишкектин райондор аралык соту Токтоналиев көчөсүнүн тургундарынын шаар бийлигине каршы арызын четке какты. Тургундар жолдун кеңейтитилгендигинен жана бактардын кыйылганынынан улам көчөнүн жөө баса турган жагы тар болуп кеткенине нааразы.

Сот өз чечимин 24-августта чыгарган. Анда сот мэриянын Токтоналиев (мурдагы Дүйшөмбү) көчөсүндө жүргүзгөн аракеттерин мыйзамдуу деп тааныган. Буга чейин шаар бийлиги бактарды кыйып бул көчөдөгү унаа жолду кеңейткен.

«Зорюшка» турак жай ээлеринин шериктигинин жашоочулары жолдун кеңейтилишинен улам ыңгайсыздыктар жаралып жатканына арызданышкан. Анткени жөө чыйыр тарайып кеткен.

Алар сотко жаңы зым карагайлар «кызыл чиймектен» тышка чыгып кеткени тартылган видеону көрсөтүшкөн. Анткени алар өзгөчө кырдаал жаралып калса зым карагайлар үйлөрүнө кулайт деп кооптонушууда.

«Жөө чыйыр жарым метрге кыскарган. Биз кайсы жактан баса турганыбыз түшүнүксүз», — деп айтты жергиликтүү тургун Ольга Усманова.

Жашоочулардын адвокаты соттун мындай чечимин «күткөнүн» билдирди. Анын айтымында, «Зорюшка» турак жай ээлеринин шериктиги прокуратурага арыз жазып, кытай инвесторлоруна кайрылышат, анткени жолдун реконструкциясы алардын акчасына жүрүп жатат.

Мэрия өз кезегинде кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп берүүнү убада кылган.

Шаар бийлиги 2-июнда Токтоналиев көчөсүндө жолду кеңейтиш үчүн бактарды кыйып баштаган болчу.

Бактардын кыйылышы жергиликтүү тургундардын жана экологдордун арасында нааразылык жараткан. Алар көчөттөрдүн кыйылышына каршы чыгышкан. Бирок бийлик нааразы болгондорду укпастан 143 бак-даракты кыйып, унаа жолун кеңейтүүнү уланткан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: