Ош: Таштанды салган челектен аялдын сөөгү табылды

Ош шаарындагы «Тазалыктын» кызматкерлери таштанды салган урнадан башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан. Милиция каза болгон аялдын тек-жайын тактап, кылмышкерди издеп жатат.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, 27-августта Орус мамлекеттик социалдык университетинин филиалынын жанындагы таштанды салган челектен башы кесилген аялдын сөөгүн табышкан.

Анын айтымында, денеси көп жеринен көгала болуп сыйрылган аялдын сөөгүн «Тазалыктын» кызматкерлери таштанды чыгарып жаткан учурда байкап калышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын маалыматына ылайык, денедеги издер аялдын бутун кесүү аракети болгонун билдирет. Каза тапкан аялдын башы учурда табыла элек.

«Өлтүрүлгөн аял болжолдуу 40-45 жашта болгон. Азырынча тергөөгө ушул маалыматтар эле белгилүү», — деди Сыдыков

Милиция адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо органдары өлтүрүлгөн аялдын тек-жайын тактап, шектүүлөрдү издеп жатат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: