Билим берүү министрлиги 48 миң жараксыз аттестатты алмаштырып берди. Мекеме бул жайгдайды «адамдык фактор» деп атап, ката кетирген кызматкерин жумуштан алуудан баш тартты.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйынында мекеме 48 миң мектеп бүтүрүүчүсүнүн жараксыз болуп калган күбөлүктөрүн алмаштырып бергенин маалымдады.

Бирок министрликтин ката кетирген адисин жумуштан кетирбөөнү чечишкен.

«Адамдык фактор деген бар. Катаны министрликтин дагы, документти даярдаган басмакананын дагы адиси кетирген. Биз маселени мүмкүн болушунча аз убакыттын ичинде чечкенге аракет кылдык», — деди министр.

Кудайбердиева адисти июль айында кызматтан кетирүүнү каалаганын айтты, бирок министрликтин жамааты анын демилгесин колдогон эмес. Кызматтан кетирүүнүн ордуна мекеменин адисине сөгүш жарыяланган.

Кыргызстандагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү июнь айында төмөнкү каталары бар күбөлүктөрдү алышкан:

  • «Кыргыз Республикасынын» сөзүндө акыркы «н» тамгасы кошулбай калган;  
  • «жалпы орто билими жөнүндөгү аттестаты жараксыз» деген ката кетип, «аттестатысыз» деп жазылбай калган;
  • Айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү аты-жөндөрү туура эмес жазылган күбөлүктөрдү алышкан.

Министрлик документтерди июль айынын башында оңдоого киришкен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: