Оштун Чоң-Алай районунда тургундар үч жылдан бери эчкинин тыбытын чет өлкөгө экспорттой башташты. Сезондо бир килограмм тыбыттын баасы 1000 сомдон жогору бааланат.

Кыргызстандын тоолуу аймагындагы Чоң-Алай жергесинде жашоочулардын тең жарымы үч жылдан бери эчкинин жүнүн тарап, тыбытын ала башташты. Мурун алар эчкинин жүнүн кыркып алышса, эми кыркпай калышкан.

Тургундардын айтымында, тыбытты тарап алуу фермерлерге ыңгайлуу, ал эми жаныбарлар үчүн пайдалуу.

Жаш-Тилек айылында жашаган Марапат Осмонова тыбыт тарап, киреше тапкандардын сап башында турат. Ал үч жыл мурун короосундагы эчкилердин жүнүн атайын тарактар менен алып ишкердикти баштаган.

«50-60 эчкиден 4 миң сомдук тыбыт тарап өткөрөм. Мунун биздин капчыгыбызга эле эмес, жаныбарлардын өздөрүнө да пайдалуу экенин байкадык. Анткени мурда жүнүн кыркып алсак, эчкилерге суук тийип, ооруп калчу», — деди Осмонова.

Учурда үйдөн чыкпай эле кошумча киреше таба баштаган Осмонова башка айылдаштарына да тыбытты тароо жолу менен алууну сунуштап үйрөтүп келет.

Анын айтымында, бооз же жакшы багылган эчкилер бат түлөп, тыбыт берүүсү жакшы болот.

Жалпысынан тыбыт тароо тоолуу аймактарда март айларында башталып, июнь айынын аягына чейин созулат.

Дагы бир фермер Ибайдулла Абдыраев Ачык-Суу айылынын тургуну. Жакшы багылган бир эчкинин тыбытынан 1000 сомго чейин киреше аларын айтат. Үй-бүлөсүнүн негизги каржы булагы мал жандыктары болгондуктан ал жакшы тыбыт берген эчкилердин санын көбөйтүп алган.

«Биринчиден, эчкинин жүнүн тарасаң, аларды сууктан сактайт. Экинчиден, фермерлерге кыркканга караганда тароо оңой. Үчүнчүдөн, кошумча эле киреше», — деди фермер.

Фермерлерге мал жандыктарынын саламаттыгын карап, кеп-кеңешин берген ветеринарлардын жардамы зор. Анткени алар мезгил-мезгили менен ылаңдардын алдын алып, дарылоо иштерин жүргүзүп турушат.

Мал доктур Насирдин Жээнбаев эчки жандыктарында көбүнчөсү кара өпкө илдети катталаарын билдирди.

«Анын алдын алуу үчүн биз ар үч айда эмдеп турабыз. Бирок акыркы эки-үч жылдан бери эчкинин жүнүн фермерлер мурдагыдай кыркпай, тарап ала башташты. Анткени кыркып алып койгондо суук тийип, жаныбарларды жоготууга дуушар болот элек. Эми мынтип эчкиде катталуучу оорулардын алдын алып жатабыз», — деп токтолду мал доктур.

Европага экспорттоо

Фермерлер тыбыттарды чет өлкөгө экспорттогон Ош шаарындагы бизнеске окутуу борборуна өткөрүп беришет.

Аталган борбордун директору Канатбек Анарбаев төрт жылдан бери тыбытты Европа өлкөлөрүнө экспорттоп иштеп келет. Ал жакта тыбыттан жип өндүрүшөт.

Анарбаевдин айтымында, Чоң-Алай аймагынан эле жылына эки тоннага чейин тыбыт чогултулат. Ал тыбыттар биринчи, экинчи жана үчүнчү сортко бөлүнөрүүн кошумчалады. Тыбыттын сапаты кылчык жүнгө карап бааланат.

Тыбытта кылчык жүн канчалык аз болсо, ал ошончолук кымбат бааланат. Эгерде кылчык жүндүн көлөмү 40 пайыздан ашып кетсе, анда мындай тыбытты сатканга кыйын болоорун айтып өттү борбордун өкүлү.

Биринчи сорттогу эчки тыбытынын баасы 1800 сомго бааланса, экинчи сорттогусу 1400 сом, ал эми үчүнчү сорттогу тыбыт 800 сомдон алынат.

Анарбаевдин кошумчалашынча Кыргызстандагы эчки жүнүнүн 50 пайызы дүйнөлүк тыбыттын талаптарына жооп берет.

Авторлошу: Надыр Боронбаев


ТЕМА БОЮНЧА: