Ош милициясы Сирияда согушка катышкан кыргызстандыкты кармады

Ош милициясы Сирияда согушка катышкан 20 жаштагы баланы кармашканын билдирди. Кармалгандын үйүн тинтүүгө алганда милионерлер флешкада чогултулган «экстремисттик мүнөздөгү» материалдарды жана дисктерди табышкан.

Ош ИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 20 жаштагы бала 2016-жылы Сирияга кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, жаш жигит дароо эле «Жамаат Таухид вал-Жихад» террористтик тобунун катарына кирген. Сирия аскерлерине каршы согуш аракеттерине катышкан жаш бала өзүн Мустафа деп атаган.

Ал Кыргызстанга 2017-жылдын июнь айында кайтып келгенде бир айдан кийин кармалган. Анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн учурда «экстремисттик» мазмундагы санариптик материалдар жыйнагы менен ок атуучу курал табылган.

«Анын бөлмөсүндө компьютер табылган, анын жардамы менен ал террористтик уюм менен байланышка чыгып турган, ошондой эле түрк номурлуу сим карта, экстремисттик мүнөздөгү материалдар жазылган 32 диск жана флеш карта, мончодогу кир жуугуч машинанын артында ИЖ-58 үлгүсүндөгү 20-калибрдеги чолок мылтык табылган», — деп айтылат ИИБдин маалыматында.

Кармалган убактылуу кармоо изоляторго камалды. Милиция «Куралды мыйзамсыз даярдоо жана оңдоо» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, башка өлкөнүн аймагында куралчан чабуулдарга катышуу үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин маалыматы боюнча, Сириянын аймагында Ислам мамлекетинин жана башка террордук уюмдардын катарында 500гө жакын кыргыз жарандары согуштарга катышууда.

Сүрөт: Flickr


ТЕМА БОЮНЧА: