Видео: Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун ачылышында тыгын пайда болду

Коомдук тармактардын колдонуучулары Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун ачылышында тартылган бир нече видеону чыгарышкан. Тасмада соода борборунун кире беришинде абдан чоң тыгын пайда болгонун көрүүгө болот.

Материалды даярдоо учурунда соода борборунун администрациясы менен Саламаттык сактоо министрлиги комментарий алууга жеткиликсиз болушту.

Тыгын ачылышка келген адамдарды соода борборунун ичине киргизе баштаганда пайда болгон. Келген коноктор борбордун ичине кирүү үчүн бири-бирин түрткүлөй башташкан.

Тасмада адамдар кичинекей балдарын колдоруна алып соода борбордун ичине киргизүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Мындан тышкары тыгындын айынан декоративдик гүл салынган челек сынып кеткен.

«Ооба, тыгын болду. Биз 12:15те келгенбиз, менимче адамдарды көпкө чейин киргизбей турушту, биз ичине киргенде адамдардын саны абдан көп болчу. Менин оюмча адамдарды аз-аздан киргизип жатышты. Башкы кире бериштин алдында абдан эле тыгын болуп калган», — деди Kloop.kgге күбөлөрдүн бири.

Учурда тыгында жабыркаган адамдардын бар-жогу белгисиз.

Соода борборунун ачылышына Бишкектин мэри Албек Ибраимов дагы келген.

Соода жана көңүл ачуу борбору Бишкектеги ири борбор болуп калды. Соода борбор президенттикке талапкер жана «Республика — Ата Журт» партиясынын башчысы Өмүрбек Бабановдун колуктусуна таандык.


ТЕМА БОЮНЧА: