Жогорку сот Текебаев чогулткан кол белгилерди жараксыз деп тааныды

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоого катышуу үчүн оппозиционер Өмүрбек Текебаев чогулткан кол белгилерди жараксыз деген чечимин мыйзамдуу деп тааныды. Буга чейин БШК кол белгилер анын жеке чөнтөгүнөн каржыланганына байланыштуу саясатчынын колдоосуна чогултулган 38 миңдей кол белгилер баракчасын кабыл албай койгон.

Сотто БШКнын Текебаевдин колдоосуна кол белгилерди кабыл албоо чечимин «негиздүү» деп эсептешти.

«БШКнын президенттикке талапкер Текебаевдин колдоосуна чогултулган шайлоочулардын кол белгилерин каржылоо эрежелери бузулгандыгы үчүн жараксыз деп табуу чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылды», — деп айтылат соттун токтомунда.

БШКнын жумушчу тобу 17-августта саясатчынын колдоосуна чогултулган 38 миң кол белгини жараксыз деп тааныган. Боршайкомдон кол белгилер коюлган кагаздар саясатчынын жеке чөнтөгүнөн эмес анын шайлоо фондунан каржыланышы керек болгонун билдиришкен.

Саясатчынын юристтери БШКнын чечимин «мыйзамсыз» деп эсептешкен.

«Кол белгилердин аныктыгы акча каржылоо менен тастыкталбайт. Бул деген сандырактык да», — де билдирген адвокат Канат Азиз.

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн БШКга 30 миң кол белги тапшырып, мамлекеттик тил сынагынан өтүп жана 1 млн сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүү керек.

Текебаевдин юристтеринин айтымында, Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусу белгилүү болгонго чейин БШК 30 миң кол белгини анык деп таанып, бирок кайра өз чемимн өзгөрткөн.

Текебаевдин иши

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышканы жаткан.

Бирок сот саясатчынын мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 1 млн доллар пара алгандыгы боюнча 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок саясатчы берилген мөөнөттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Ал эми Текебаев өзүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептейт. Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.


ТЕМА БОЮНЧА: