Кыргызстандыктар Норвегияда Эгемендүүлүк күндүн урматына «Кара жорго» бийлешти

Көчө футболу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндеринен турган улуттук курамасы Норвегиянын Осло шаарында Кыргызстандын Эгемдүүлүк күнүнүн урматына «Кара жорго» бийин бийлешти.

Ослодо көчө футболу боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Кыргызстандын улуттук курамасы 31-август күнү белгиленчү Эгемендүүлүк күнүнө арнап бий флешмобун уюштурушкан.

«Мекендештерибизди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз. Бүгүн Венгриянын командасын 8:1 эсебинде жеңип алдык. Бул биздин мекенибизге белек», — деди көчө футболу боюнча федерациясынын башкы директору Анара Касмалиева.

Бул кыргызстандыктардын аталган чемпионаттагы үчүнчү жолку жеңиши. Буга чейин алар Франция менен Египеттин курамаларын жеңип, тайпадагы биринчи орунду ээлеп плей-оффко чыгууну камсыздашкан.

«Кара жорго» — кыргыз, казак, башкир элдеринин арасында белгилүү бий. Бийдин аткаруучусу ат жалында ойногон шамдагай жигитти элестетет.

«Кара жорго» бир нече жыл мурун эле бир катар музыкалык клиптер менен флешмобдордун чыгышы менен гана белгилүү болуп калган. Буга чейин бул бий Кытайда жашаган кыргыздардын арасында эле белгилүү болчу.

Учурда «Кара жорго» бийин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү каралууда.


ТЕМА БОЮНЧА: