Атамбаев: Түштүктүн келиндериндей болуп короо шыпыргыла

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун жашоочуларын «чет элдиктердин алдында уят болбош үчүн» жолдо көрүнүп турган короолорунун тазалагына көңүл бурууга чакырды. Өлкө башчысы таң эрте үйлөрүнүн алдын шыпырып-тазалаган түштүктүн келиндерин мисал катары келтирди.

Атамбаев Чүй облусунун Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин ачылышында сөз сүйлөп чыкты.

Президент жергиликтүү тургундарды «чет элдиктердин алдында уят болбош үчүн» жолдо көрүнүп турган өздөрүнүн короолорунун аймактарынын тазалагына көңүл бурууга чакырды.

Анын айтымында, «Ата-Бейит» тарыхый мемориалы туристтердин арасында белгилүү, бирок жолдогу иретсиздик туристтердин Кыргызстан жөнүндө бардык сезимдерин бузушу мүмкүн.

«Бүгүн эртең менен биз апрель революциясынын баатырлары коюлган "Ата-Бейитте" куран окудук. Ал жерде биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жатат. Анын жанында Үркүндөн жана 1937-жылы репрессиядан курман болгондор жатышат. Бул жер тарыхый борборго айланды. Ошондуктан бул жерге жакын жайгашкан Таш-Дөбө, Воронцовка, Арашан, Кой-Таш, Чоң-Таш жана башка айылдар үлгүлүү болушу керек. Мага таарынбагыла, кээде чет элдик меймандар менен келгенде уялам», — деди президент.

Өлкө башчысы таң эрте үйлөрүнүн алдын шыпырып-тазалаган түштүктүн келиндерин мисал катары келтирди.

«Эгерде бул жерде мени келиндер угуп жатышса, алар дагы үйүнүн алдын шыпырышса жакшы болмок», — деп билдирди Атамбаев.

Ошондой эле, ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен башка чет элдик коноктор келген учурда жолго чар-жайыт ыргытылган желим бөтөлкөлөр менен желим баштыктар үчүн ыңгайсыз болгонун айтты.

Бийлик бүтүндөй өлкөнүн, Бишкектин жана Кыргызстандын туристтик жерлериндеги таштанды маселеси бар экенин бир нече жолу көтөрүп чыккан. Ар жазда бүткүл өлкө боюнча жалпы ишембиликтер өтөт. Мындан тышкары, күнүгө шаарды таштандыдан «Тазалык» миниципиалдык ишканасынын кызматчылары тазалап турат.

Жыл сайын активисттер Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо боюнча акцияларын өткөзүп турушат. Бирок таштанды бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келген маселелердин бири.


ТЕМА БОЮНЧА: