Чүй облусу: Тергөөчү аялга 5 млн сом штраф салынды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту пара алуу кылмыш иши боюнча 31 жаштагы тергөөчү аялга карата чечим чыгарды. Ага 5 млн сом өлчөмүндө штраф салынды.

Сот бул иш боюнча июлда чечим чыгарган. Бирок милициянын кызматкери күнөөнү мойнуна алган эмес.

Айыпталуучунун версиясы

Тергөөчүнүн айтымында, жабыркаган адам ага 2016-жылдын 14-мартында денесине залал келтиришип, колун ашкана бычагы менен кесип салышканын айтып арызданып кайрылган.

Андан кийин, ал эркек адамды өзүнө тергөө иш-чарасына чакырган соң, тергөөчү аял бөлмөдөн жетекчисине чыгып кеткенде аны кармашып аялдан акча салынган конверт табышкан.

«Мени жеке тинтүүгө алышканда, менин чөнтөгүмдөн кагаз алып алып чыгышкан, анын ичинде 29 миң сом өлчөмүндө акча болгон», — деди ал көрсөтмөдө.

Айыпталуучу «акча аныкы эмес экенин» жана «кандайдыр бир жол менен» акча анын чапанынын чөнтөгүндө пайда болуп калганын айтты.  

Жабырлануучунун версиясы

Бирок жабыркаган адамдын айтымында, тергөөчү аны бул убакыт аралыгында коркутуп-үркүтүп миң доллар талап кылган.

«Мен автоунаамды күрөө койчу жайга таштаганга мажбур болдум, мага 59 миң сом беришкен. Аталган акчанын 30 миң сомун менин жараттарымды тазалаган, акчаны белгилеп көчүрмөсүн өткөргөн ИИМдин кызматкерлерине бердим», — деп жазган жабыркаган адам өз көрсөтмөсүндө.

Анын айтымында, ал акчаны тергөөчүгө өткөрүп бергенден кийин, тергөөчү аял бардыгын бүтүрөөрүн айтып, бул нерсени эч кимге айтпа антпесе «камап» салышат деп кеңеш берген.

«Азыр тергөөнүн жетекчилигине барып калган 30 миң сомду алып келди деп айтаарын билдирип, менин эч жакка барып арызданбашымды айтты антпесең камап салат деди», — деп жазган жабырлануучу.

Сот шектелген тергөөчү аялды пара алуу боюнча күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом штраф салды.


ТЕМА БОЮНЧА: