Global Firepower: Дүйнө армияларынын рейтингинде Кыргызстан 108-орунду алды

Эл аралык Global Firepower уюму 133 өлкөнүн аскерий күчтөрүнүн индексин баалаган. Рейтингде кыргыз армиясы 108-орунду алган.

Уюм бир нече чен-өлчөмдөрдү эске алуу менен рейтинг түзгөн. Мисалы, алар өлкөдөгү аскер кызматкерлеринин санына, армияга кеткен чыгымдарга, курал-жарактардын түрүнө, географиялык шарттарга, транспорттук инфраструктурага жана жаратылыш байлыктарына таянышкан.

«Аскер кызматына жарамдуу адамдар жана адамдык ресурстар — негизги кыймылдаткыч. Жашоочулары көп өлкөлөр, албетте, тизмектин сап башында болушат», — деп жазат уюм.

Кыргызстан Ботсвана менен Мозамбиктин ортосунда жайгашып, 133 өлкөнүн арасынан 108-орунга чыккан.

Global Firepowerдин маалыматына ылайык, учурда кыргыз армиясында 13 миң аскер кызмат өтөйт, дагы 10 миңи кызматка даяр турушат.

Аскер кызматына 2 млн адам жарамдуу. Өлкөнүн аскерий-аба күчтөрүндө 6 учак бар, алардын ичинен төртөө транспорттук. Ошондой эле, Кыргызстанда 6 тик учак бар, анын арасында экөө аскерий.

Мындан тышкары, изилдөөчүлөр кыргыз армиясында 150 танка, 438 аскерий брондолгон машина жана 30 өзү жүргөн артилериялык курулмалар бар экенин эсептешкен. Уюмдун маалыматына ылайык, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бюджети 240 млн долларды түзөт. Кыргызстандын деңиз-аскерий күчтөрү жок.

АКШ 2017-жылдын рейтингинин сап башына чыккан. Америка 2017-жылы куралдуу күчтөрүнө бардыгынан да көп 587 млрд доллар чыгым кылган. Ошондой эле, Global Firepower АКШнын дүйнө жүзү боюнча эң чоң аскерий аба күчтөрү бар экенин жана НАТОдо мүчөлүк кылып, дүйнө жүзүндө экинчи болуп өзөктүк куралга ээлик кылаарын эске алган.

Албетте, Орусия менен Кытай экинчи жана үчүнчү орундарга чыгышкан.

Борбор Азияда эң күчтүү армия Өзбекстанда бар. Ал 48-орунга, Казакстан 55-орунга чыккан, ал эми Түркмөнстан 87-сапка чыккан. Кыргызстандан кийинки эле рейтингде Тажикстан турат, ал 112-орунда.


ТЕМА БОЮНЧА: