«Кайра жаралуу» (Возрождение) партиясынын логотибин иштеп чыккан адам эн белгини даяр вектордук «Шаттерсток» сайтынын сүрөтүнөн көчүрүп алган. Партия «бул маанилүү эмес», эн белгини ойлоп тапкан адамга доомат жок, ага бары бир Айфон 7 белек кылынат деп билдирди.

Дизайнер Никита Тарасенко «Кайра жаралуу» партиясынын эн белгисин ойлоп тапкан адамдын калпын чыгарды. Уңгу катары ал «Шаттерсток» сайтынын векторун колдонгон.

«Бир долларга эн белги. Ал жакта жаңы партия пайда болуп калды. Жада калса эн белги ойлоп табуу үчүн конкурс жарыялашты. Автору Айфон 7 утуп алды. Бакыт Төрөбаев сизди айфонго алдап кетишти», — деп жазган Тарасенко өзүнүн фэйсбук барагында.

«Кайра жаралуу» партиясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине эн белгини ойлоп тапкан Алмаз Азимбековго дооматыбыз жок, ага бары бир Айфон 7 белек кылабыз деп айтышкан.

Смартфонду ага бир нече айдан соң ал Орусиядан кайтып келгенде ыйгарышат.

«Учурда көптөгөн адамдар, дизайнер аттуулар бул теманы өтө ашкерелеп жатышат. Биз эн белгини ал кантип жасаганын, кай жактан алганын билбейбиз — бул маанилүү эмес. Бизге идеянын өзү менен аталышы маанилүү. Эн белгини ойлоп табуучуга биздин дооматыбыз жок», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле басма сөз кызмат бул эн белгинин биротоло бүткөрүлгөн түрү эмес экенин жана мүмкүн аны кайра иштеп чыгып, жакшыртабыз деп кошумчалады.

Буга чейин Төрөбаев жаңы партияга аталыш жана эн белги ойлоп табууга сынак жарыялап, жеңүүчүгө Айфон 7 ыйгарылаарын убада кылган.

«Кайра жаралуу» саясий партиясы

Жаңы партия Бакыт Төрөбаев башкарган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партияларына кошулуусунун жыйынтыгында пайда болгон.

Бардык төрт саясатчы келерки 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер.

Саясатчылар келерки шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдош үчүн биригишкен. Азырынча алар колдой турган талапкердин аты-жөнү белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: