Ысык-Көл: Алкоголдук ичимдиктердин айынан жергиликтүүлөр жеке ишкер менен урушуп кетишти

Кара-Талаа айылынын жеке ишкери апрель айында жергиликтүү аксакалдар алкоголго тыюу салганына карабастан, спирт ичимдерин сатканды уланта берген. Жергиликтүү 15ке жакын тургундар дүкөндүн ээсинен спирт ичимдиктерин сатуудан баш тартууну талап кылышкан.

Буга чейин ЖМКларда Кара-Талаа айылынын тургундары менен ишкердин ортосунда спирт ичимдиктеринин сатылышы боюнча уруш чыгып кетти деген маалымат пайда болгон.

Анда Ысык-Көл облусу боюнча милиция тургундар менен дүкөндү иштеткен аялдын ортосунда мушташ болгонун четке каккан. Укук когоочулардын маалыматына ылайык, айылдыктар ал аялдан болгону алкоголдук ичимдиктерди сатканды токтотууну талап кылышкан.

«Сүйлөшүүдөн кийин ал аял айылдаштарынын сунушуна көнүп, дүкөндөн бардык спирт ичимдиктерин алып салган. Мындан тышкары, ишкер аял айылдаштары тарабынан токмоктолуп, милицияга арыз менен кайрылган фактысы катталган эмес», — деди Ысык-Көл облусу боюнча милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов..

Анын айтымында, укук коргоочулар айылдыктарга күч колдонуп бир нерсени сатканга тыюу салганга укуктары жок экенин түшүндүрүшкөн.

Эгерде ал аял айылдыктарга каршы милицияга арыз менен кайрылса тийиштүү чаралар көрүлөт.

Кара-Талаа айылынын өкүлү Бакыт Эсенгелдиев жергиликтүүлөрдүн талабы боюнча апрель айынан тартып алкоголдук ичимдерди сатууга тыюу салынганын айтты.

Бирок айылдыктар жай мезгилдеринде дүкөндөрдүн биринде спирт ичимдиктери сатылып жатканын байкап калышкан.

Анын айтымында, биринчи жергиликтүүлөр өздөрү дүкөндүн ээсине барып, спирт ичимдектерин сатууну токтотууну суранышкан.

Андан соң ага жергиликтүү аксакалдар кайрылган, бирок ал аял аларды этибар кылбай койгон.

«Анда 1-сентябрда эртең мененки Айт намаздан кийин аксакалдар, жаштардын өкүлдөрү менен аялдар кайра дүкөнгө келишип, сатыктан спирт ичимдиктерин алып салууну суранышкан. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ишкер аял алардын өтүнүчүнө макул болуп, дүкөндүн ичиндеги спирт ичимдиктерин алып салган», — деди Эсенгелдиев.

Айылда бардыгы болуп сегиз дүкөн бар, алардын бешөө 2017-жылга чейин ичимдиктерди сатып келишкен, дагы үчөө өздөрү эле алкоголдук ичимдиктерди сатуудан баш тартышкан.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылында 2017-жылдын апрелинде жергиликтүү тургундар жалпы чогулушта алкогол ичимдиктерин сатууга тыюу салышкан.

Айылдыктар спирт ичимдиктери «үй-бүлөөлөрдү бузуп» аларга «тынч жашоо» бербей жатканын билдиришкен.   

Анда бардык дүкөн ээлери айылдыктардын пикирине кошулушуп, болгон ичимдиктердин бардыгын аларга өткөрүп беришкен, жергиликтүүлөр өз кезегинде спирт ичимдиктерин жерге төгүп салышкан.

Мындан тышкары бул айылда насвай сатууга дагы тыюу салынган.

Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөргө мас кылуучу ичимдиктерди сатууга тыюу салынганы менен расмий түрдө спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган эмес.

Ошондой эле 18 жашка чыга электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салынган.

Мындан тышкары Административдик кодекске ылайык, коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү үчүн 1000 сом өлчөмүндө штраф салынышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: