Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Рита Карасартованын колдоосуна чогултулган 4 миңден ашуун кол белгини таануудан баш тартты. 27 миңден ашык анык деп табылган кол белгилер Карасартовага минималдуу чектен өтүп, президенттикке талапкер болуп катталууга мүмкүнчүлүк бербейт. Карасартова чогултулган кол белгилердин аныктыгын 10-сентябрга чейин тастыктай турганын билдирди.

Боршайкомдун басма сөз катчысы Нурия Ташполотова Kloop.kgге курган маегинде Карасартова азырынча кол белгилерди керектүү санда чогулта албай койгонун маалымдады.

Анын айтымында, кол белгилерди текшерүү учурунда жумушчу топ Карасартова тапшырган 31706 шайлоочунун кол тамгасынын ичинен 4680ин анык эмес деп тааныган.

«Анык болуп 27026 калды, ал эми бул минималдык 30 миң деп белгиленген ченемге туура келбейт. Ошого байланыштуу ал азырынча президенттик кызматка талапкер болуп өтө элек», — деди Ташполотова.

Ал эми Карасартова өзү Kloop.kgге курган маегинде Боршайком жараксыз деп эсептеген ар бир кол белги үчүн күрөшөөрүн билдирди.

«Эртең биз кайра Боршайкомго барып, бардык кол белги барактарын текшерип чыгабыз. Түштөн кийин жараксыз деп эсептелген барактардын санын минималдууга чейин азайтуу үчүн сотко барабыз. Комиссиянын чечиминен кийин биз барактарды текшергенге барып, сурай баштадык, алар жети кол белги эмне үчүн жараксыз болгондугун далилдеп бере албай коюшту», — деди Карасартова.

Карасартова президенттикке талапкер катары катталуу үчүн керек делип, өзүнүн колдоосуна чогултулган кол белгилердин аныктыгын талашуу, 30 миң кол белгини толуктап берет деп үмүттөнөт.

Учурда Боршайком президенттик кызматка болгону жети талапкерди каттады, алардын арасында бийликчил социал-демократтар партиясынын (КСДП) талапкери Сооронбай Жээнбеков бар.

Мындан тышкары мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров менен мурдагы эки өкмөт башчы, Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев дагы катталышкан.

Ошондой эле Бишкектин мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков жана «Кайра жаралуу» партиясынан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Бакыт Төрөбаев дагы каттодон өтүшкөн.

Талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланат. Ал эми президенттик шайлоонун өзү үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: