УКМК Бекназаровго каршы кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаровго кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бекназаров оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин сотунда «жалган көрсөтмө берген».

УКМКнын маалыматына ылайык, атайын кызмат Текебаев боюнча сотто «жалган көрсөтмө» бердим деп айтып жаткан аудио жазма менен видео тасманы текшерген. Текшерүүнү УКМК 15-августта демилгелеген.

УКМКнын версиясы боюнча, аудио жазмада Бекназаров мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен маектешип жаткан.

«Бекназаров ачык эле сотто Текебаевдин пайдасына жалган көрсөтмө бергенин айтып жатат», — деп жазылган УКМКнын катында.

УКМКга видео тасманы comment.kg сайтынын жетекчиси Раушан Айткулова берген. УКМКнын билдиргенине караганда, видео тасмада Бекназаров сотто «Текебаевдин пайдасы үчүн жалган» көрсөтмө бергенин айткан.

«Ошол эле учурда видеодо Бекназаров Текебаев менен башка "Ата мекен" партиясынын тарапташтары 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп туруп "Мегаком" байланыш операторун көзөмөлгө алуу үчүн "кийлигишишкенин" маалымдаган», — деп билдирди УКМК.

Жазмаларды текшерүү үчүн Кыргызстандын атайын кызматы аларды Казакстанга жөнөткөн.

«Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, аудио менен видео жазмадагы үндөр Бекназаровдуку экени так аныкталды, ошол эле учурда кандайдыр бир монтаждын белгилери же өзгөртүүлөр болгон эмес», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Ташиев менен Бекназаровдун маеги

УКМКнын маалыматында айтылган аудио жазманы YouTubeдун колдонуучусу Самат Медетов 13-август күнү кечинде жарыялаган. Аталган колдонуучунун аккаунтунда бул биринчи жана жалгыз аудио жазма. Аудио жазмада болжолдуу мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун ортосундагы маеги жазылып алынган.

Сүйлөшүүдө Бекназаровдун үнүндөй сүйлөгөн адам оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча бир нече жолу жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алып, бул үчүн кудайдан кечирим сурайт.

«Акеңди көрдүң да (кеп Текебаев жөнүндө), байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн (кеп Текебаевдин иши боюнча дагы бир айыпталуучу Дүйшөнкул Чотонов жөнүндө) ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агаргыча калп айттым. Кудай өзүң кечир деп, ар калпты айткан сайын, кудай өзүң кечир деп турдум да», — деп айтат аудио жазмадагы үн.

Мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров

Саясатчынын экөөсү тең аудио жазманы монтаждалган деп айтышкан. Бекназаровдун айтымында, аудио жазманы УКМК Текебаевдин пайдасына көрсөтмө бергендиги үчүн жарыялаган.

Бекназаровдун күбө катары берген көрсөтмөлөрү

Бекназаров 19-июлда Текебаевдин иши боюнча күбө катары сотто көрсөтмө берген. Ал Текебаевдин «Мегаком» байланыш операторун улутташтырууга жана анын башкаруучусун алмаштырууга эч кандай тиешеси жок деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-августта Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү тапкан.

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов Биринчи май райондук сотто.

Сот оппозиционердин мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок саясатчы берилген мөөнөттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгына 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Текебаев өкүмдү даттанып, Бишкек шаардык соту учурда бул ишти кайра карай баштады.

Текебев камакка алынганга чейин конституциялык реформанын жана президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясаттын эң башкы сынчысы болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: