Нарын: Жол кырсыгында өспүрүм каза болгондон кийин тургундар жолду тосушкан

Нарын облусунун Миң-Булак жана Өрнөк айылынын тургундары 2-сентябрда өспүрүмдүн жашоосун алган жол кырсыгынан кийин Бишкек-Торугарт авто жолун тосушкан. Алар автоунаалардын ылдамдыгын азайтууну талап кылышкан. Бийлик аталган айылдарга жакын жерде үч «жаткан полиция» орнотту.

Нарын облусу боюнча ИИМдин патрулдук милициясынын начальнигинин орун басары Тилек Оторов Kloop.kgге курган маегинде Өрнөк менен Миң-Булак айылдарынын тургундарынын талаптарына ылайык 4-сентябрда аталган жолдо үч «жаткан полиция» орнотулганын билдирди.

Оторовдун айтымында, тургундар жолду 2-сентябрда өспүрүмдү машина өлтүрө сүзүп кеткенден кийин торошкон.

Оторов айылдыктар «чечкиндүү кадамга» барууну көздөшүп, өздөрүнүн аракети менен машиналардын ылдамдыгын азайтуучу тосмолорду орнотууга даяр болушканын айтты.

Митингге жергиликтүү милициянын кызматкерлери келип, алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана айылдыктар жолду бошотушкан.

«Жол кырсыгынан каза болгон бала боюнча иликтөө башталды», — деди Оторов.

Бул нарындыктардын өспүрүмдүн жол кырсыгында каза болгону боюнча биринчи жол тосушу эмес.

Май айынын ортосунда Нарын облусунун Оттук айылынын 100дөн ашык тургуну Бишкек-Торугарт авто жолун тосушуп, «жаткан полиция» орнотулушун талап кылышкан. Бул 9 жаштагы өспүрүмдү машина өлтүрө сүзүп кеткенден кийин эки саатан соң болгон.

Анда жергиликтүү бийлик авто жолдо «жаткан полиция» орноткон.

Өпүрмдөрдүн жол кырсыгына кабылышы

Кыргызстанда өспүрүмдөр катышкан жол кырсыгы чанда катталып, коомдун бүйүрүн кызытат.

Бишкектеги «Кудайберген» базарынынын жанындагы жөө өтмөктө 10-май күнү 15 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетишкен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып, бирок эртеси күнү кечинде милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

Бишкекте 21-апрель күнү дагы эки мектеп окуучусун сүзүп кетишкен, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Балдар оор жаракаты менен ооруканага жеткирилишкен. Кийинчерээк айдоочу кармалып эки айга убактылуу абакка камалган. Мектеп окуучуларынын ден соолуктары чыңдалып жатат.

Мындай бир катар жол кырсыктарынан кийин президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө жол коопсуздугун жеке көзөмөлгө алууну буйруган. Бийлик бардык бала бакчалар менен мектептердин жанында «жаткан полицияларды» орнотууну баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: