Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСин Кыргызстан менен биргеликте курат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзбек бийлиги Камбар-Ата ГЭСин курууда Кыргызстанга жардам бере тургандыгын билдирди.

Мирзиёевдин билдиришинче, Кыргызстан менен Өзбекстан суу маселеси жана Камбар-Ата ГЭСи боюнча «олуттуу түрдө сүйлөшүшкөн».

«[Кыргызстандын президенти] Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катыштыгы жок курулбастыгын айтты. Мен толугу менен макулмун, биз каржылоо боюнча эң жигердүү катышабыз, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз, анткени ал бизге керек. Бул эки өлкө үчүн пайдалуу», — деп билдирди ал.

Бирок Мирзиёев кайсы гидроэлектростанцияны айтканы, Камбар-Ата 1-ГЭСиби же Камбар-Ата 2ГЭСиби, белгисиз

Буга чейин Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга каршы чыгып жаткан. Каримов бул Өзбекстанда жана Борбор Азия чөлкөмүндө суунун тартыштыгына алып келет деп эсептеген.

Каримов чөлкөмдөгү суу маселеси «ушунчалык деңгээлге чейин чыңалып, бир гана тирешүүгө алып келбестен, согуш дагы чыгып кетиши мүмкүн» деп билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу боюнча талаш-тартыштар Советтер биримдиги тарагандан кийин башталган, анткени Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алган бирдиктүү суу-энергетикалык комплекс иштебей калган.

Кыргызстандын аймагындагы дайралардын башында суу ресурстарынын көлөмү абдан чоң. Ал эми дайра агымынын ылдый жагында суу жетишпеген Өзбекстан бар.

Кыргызстан негизинен сууну ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонот, ошон үчүн кышкысын суу коё берилет. Жайкысын өлкө суу ресурстарын кышкы жылытуу сезонуна карата чогултат. Бирок Өзбекстанда суу дал ошол жайкысын жерлерди сугаруу үчүн керектелет.


ТЕМА БОЮНЧА: