АФК: Кыргызстан — Мьянма матчы жылдырылат

Мьянма курамасына каршы токтотулган матч үчүн Кыргызстанга санкция каралбай калышы мүмкүн. Анткени Азия футбол конфедерациясы матчты жылдырууну сунуштады.

АФК өз чечимин Кыргызстандын өкмөтү 5-сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан — Мьянма менен матчты токтотууну билдиргенден кийин бер нече сааттан соң чыгарган.

Матчтын жаңы убактысы менен өткөрүлө турчу жери азырынча аныктала элек.

АФК өзүнүн маалымат катында оюнду жылдыруу чечимин, баштапкыда билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү эмес алар чыгарганын жазган.

Конфедерациянын катында өлкөнүн бийлиги болгону оюнчулардын жана ышкыбоздордун коопсуздугу үчүн матчты өткөрбөө кеңешин бергени айтылат.

«Кеңештерди эске алуу менен АФК коопсуздукту камсыздаш үчүн матчты жылдыруу чечимин кабыл алды», — деп айтылган билдирмеде.

Бирок маалымадамада жаралган жагдайды «тийиштүү комитеттер менен талкуулай» туруганы жазылган.

Бул менен эмнени айткылары келгенин АФК түшүндүргөн эмес, бирок ал маалымдамада КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кооптонуп жаткан Кыргызстанга карата санкциялар тууралуу кеп болгон эмес.

Азия чемпионаты үчүн күрөш

Кыргызстан менен Мьянманын ортосундагы матч 2019-жылдагы Азия чемпионатына тандоо турларындагы ар бир команда үчүн үчүнчү оюн. Азия чемпионаты — континенттеги эң абройлуу турнир.

Эки жолугушуудан кийин Кыргызстан менен Мьянма экиден упай топтошкон, бирок Түштүк-Чыгыш Азиянын командасы киргизилген голдор менен өткөрүлөн топтордун эң мыкты айрымасы үчүн экинчи орунда турат.

Улуттук курамалар арасындагы матч көптөгөн учурда чечүүчү болуп калышы керек болчу. Андан кийин Азия чемпионатына жолдомо ала турган жана экинчи орунга татыктуу талапкер аныкталмак.

Эгерде Кыргызстанга техникалык утулуш ыйгарып коюшканда, команданын турнирдин финалдык тепкичине чыгуу мүмкүнчүлүктөрү кыйла азайтып калмак.

Кыргызстан Азия чемпионатынын финалдык беттештеринде эч качан ойной элек.

Кыргызстандын өкмөтү менен КРФФ матчтын токтотулушу башынан эле Мьянмадагы кырдалгаа байланыштуу саясий экенин моюндашкан. Мьянмадагы өкмөттүн аскерлери менен рохинжа мусулмандарынын ортосундагы кагылыш Кыргызстанды кошуп, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдурган.

Акыркы аптанын өзүндө эле Мьянмада 400дөн ашуун киши набыт болуп, 2012-жылдан бери уланып келаткан чыр-чатак 1400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.


ТЕМА БОЮНЧА: