Сот Азимжан Аскаровдун үйүн камактан чыгарды

Базар-Коргон райондук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйүн камактан чыгарды. Ал үйдө соттолгон Аскаровдун колуктусу Хадича Аскарова жашайт, ошондуктан аны мамлекеттин эсебине чегерүүгө болбойт.

Аскаровдун адвокаттары эгерде ал үйдө укук коргоочунун бир туугандары жашап жатса, аны мамлекетке өткөрүүгө болбой турганын далилдей алышты.

«Азаттык үнү» басылмасы укук коргоочунун колуктусу Хадича Аскарова өзүнүн ал үйдө жашап жаткандыгы боюнча бардык тийиштүү жана далил боло турган документтрди көрсөткөн деп жазат.

Прокуратура өз катасын моюнга алып, сот кыймылсыз мүлктү камактан чыгарган.

Азимжан Аскаров Кыргызстандын түштүгундө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милиционерлер тарабынан болгон кыйноолор тууралуу макалалары менен белгилүү.

Аскаров ― этникалык өзбек ― «Аба» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

Аскаровду 2010-жылдын 15-июлунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан.

Укук коргоо органдары Аскаровду Бишкек-Ош жолунун жабылышынын уюштуруучусу деп билдирген, ал учурда милиция кызматкери токмоктолуп, дагы бир тартип сакчысы өлтүрүлгөн.

Базар-Коргон райондук соту 2010 -жылдын аягында Аскаровго мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүу менен «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.   

Жогорку сот 2016-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитетине укук коргоочунун ишин кайра кароого жөнөткөн. Анда БУУ Кыргызстандын бийлигин Аскаровдун кармалышы «мыйзамсыз болгон», ал эми тергөө кыйноолор менен коштолгон деп айыптаган.

Аскаровду кайра көрсөтүлгөн беренелер боюнча күнөөлүү деп табышып, өмүр бою эркинен ажарытуу боюнча өкүм күчүндө калтырылган.


ТЕМА БОЮНЧА: