Сот Жапаровдун тарапташтарын шарттуу жана анык мөөнөттөргө кести

Бишкетин Биринчи май райондук соту мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарына карата өкүм чыгарды. Сот болгону оппозиционердин агасы Сабыр Жапаровду актады. Калган соттолуучулар шартту жана анык мөөнөттөрдү алышты.

Эң узак мөөнөткө буга чейин сот жообуна тартылган Чыңгызхан Кожогелдиев кесилди. Ал күчөтүлгөн тартиптеги абакка 8 жылга эркинен ажыратылды.

Орусиянын жарандары Калыбек Жапаров, Абдыманап Бегишев жана Эрланбек Тагаев күчөтүлгөн тартиптеги абакка 4 жыл жаза тартууга кесилишти.

Жапаровдун башка жети тарапташы бир жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу кесилишти. Алардын арасында Жапаровдун баласы Рустам Жапаров дагы бар.

Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акталды, анткени ал УКМКнын жанындагы митингде эмес, туугандарынын артынан келген учурда РИИБдин имаратынан кармалган.

Соттолуучулар «Байбаштык» жана «Билип туруп башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелери боюнча айыпталышкан.  

Айыпталгандардын баары 2017-жылдын 25-мартында Жапаровду колдоо митингинде кармалышкан.

Анда мурдагы депутат УКМКга көрсөтмө берүү үчүн төрт жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Атайын кызмат аны кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармашкан. Жапаровдун тарапташтары митинг уюштурушкан, натыйжада каршылык акциясы милиция менен кагылышып аяктаган.

Ал эми сот Садыр Жапаровго карата 11 жыл 6 айга кесүү өкүмүн чыгарган. Аны 2013-жылы Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Өкүм чыгарылгандан кийин Жапаров соттун чечимин «саясий буйрук» деп атаган.

Сүрөт: 24.kg


ТЕМА БОЮНЧА: