Бишкек: Милиция формасындагы адамдар словениялык туристтерди тоноп кетишти

Фэйсбуктун колдонуучусу Аскаат Чыналы уулу милиция формасын кийген үч киши Словениядан келген эки туристти тоноп кетишкенин жазган. Милиция тоноо боюнча маалыматты текшерип жатат.

Фэйсбуктун коомдук желесинин колдонуучусу Аскат Чыналы уулу 5-сентябрда Словениядан келген эки туристтин тонолушу туурасында пост жазган. Ал Дөлөн Өмүрзаков стадионунун жанында милиция формасын кийген үч адам Словениядан келген туристтерге басып келишкенин жазган.

Чыналынын айтымында, алар словениялыктардын колдорундагы акча жасалма экенин шылтоолошуп, туристтердин акчасын тартып алышкан.

«Эмне болду деп туристтерге басып келдим. Алар милиционерлер акчаларын тартып алып, качып кетишкенин айтышты! Аларды ара жолдо калтырбоону чечтим: аларды үйгө алып келип, курсактарын тойгузуп жаткыздым», — деп жазган Чыналы.

Ошондой эле, Чыналы туристтер милицияга кайрылып, кылмышкерлерди издөөдөн баш тартышканын жазган, анткени алардын өлкөдө болууга аз эле убакыттары калган.

Бишкек милициясынан Kloop.kgнин кабарчысына укук коргоочулар бул окуяны текшере башташканын билдиришти.