Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы көзөмөлдү азайтты

Ош мэриясы 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө пунктунун эки тараптуу ачылышы болгонун билдирди. Эми эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү үчүн кошумча документтерди алуу керектелбейт.

Кыргызстандын расмий делегациясын вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, ал эми өзбек тарапты Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов баштап барган.

Бийликтегилер эми эки өлкөнүн жарандары чек араны жөн гана паспорт көрсөтүп эле өтө алышаарын убада кылды.

«Телеграмма сыяктуу нерсе эми унутулат», — деди кыргызстандыктарга Зилалиев.

Абдурахманов Кыргызстандын чек арага чектеш аймагына чогулгандарга «жакынкы күндөрдө чек араны эч тынчсызданбай өтө алышаарын жана бардыгы ачык болоорун» айтты.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулунун айтымында, чек аранын эки тараптуу ачылышы боюнча 5-6-сентябрда Өзбекстандын өлкө башчысынын Кыргызстанга болгон расмий сапары учурунда эки өлкөнүн президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев сүйлөшүшкөн.

«Достук» өткөрмө бекетинин ачылышына миңдеген тургундар келишкен.

«Достук» чек арасы Ош менен Андижан шаарларынын ортосунда жайгашкан жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эң ири өткөрмө пункт болуп эсептелет.

Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү өтө эле оор болуп келген. Өзбек чек арачылары кабыл алуучу тараптан чакыруу телеграммасын көрсөткөндөн соң гана чек арадан өткөрүшчү. Өзбекстанга болгону үйлөнүү той, маркумду акыркы сапарга узатуу же башка маанилүү окуяларга баруу гана мүмкүн болчу.

Кыргызстан тараптан чек арага чектеш жашаган миңден ашуун тургун «Достук» өткөрмө пунктунун расмий ачылышын күтүшкөн, анткени мурдагы чектөөлөр үчүн бир туугандарыныкына бара алышчу эмес.

Дал ошол себептүү салтанаттуу ачылышка миңдеген тургундар чогулушкан.

Чек аранын жабылышы

Өзбекстан мурда бир тараптуу түрдө Кыргызстанда 2010-жылы болуп өткөн төңкөрүштөн кийин чек арадагы көпчүлүк көзөмөл өткөрмө бекеттерин жаап салган.

Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнь айында болгон улуттар аралык жаңжал учурунда чек араны ачышкан. Жаңжал учурунда 400дөн ашык адам өлгөн. Анда Өзбекстан өз өлкөсүнө Кыргызстандан барган 1000ден ашуун качкынды киргизген.

«Достук» өткөрмө пункту 2011-жылы гана ачылган, бирок Өзбекстан чек арадан өтүүнүн шарттарын катаалдаткан.

Сүрөт: Азаттык


ТЕМА БОЮНЧА: