Өзбекстан: Ашпозчулар Гиннесс китебине кирүү үчүн 8 тонна палоо жасап жатышат

Өзбекстандын ашпозчулары Гиннесс рекорддор китебинин өкүлдөрүнүн көзүнчө дүйнө жүзү боюнча эң чоң казанда палоо басып жатышат. Сегиз тонна күрүч басуу пландалууда.

Сегиз тонна палоо басуу үчүн бүткүл Өзбекстан боюнча 50 ашпозчу Ташкенге келген. Палоо даяр болгондон кийин бардык каалочулар даам сыза алышат, бирок алардын көпчүлүк бөлүгү карылар жана балдар үйлөрүнө берилет.

Палоо басуу үчүн рекорддук сандагы азык-түлүктөр пайдаланылат:

  • Уй эти — 1,5 тонна;
  • Кой эти  — 400 кг;
  • Койдун майы (жамбаш) — 220 кг;
  • Күрүч — 1,9 тонна;
  • Сабиз — 2,7 тонна;
  • Пияз — 220 кг;
  • Өсүмдүк майы — 440 литр;
  • Туз — 57 кг.

Ошондой эле палоого 100 кг нокот, 190 кг мейиз, 2 кг кара калемпир, 1 кг жүгөрү жана 350 литр суу кошулат.

Буга чейин 18-августта Өзбекстандын Алмалык шаарында алдын ала даярдык жүрүп, анда 6 тонна палоо басылган.

Рекорд коюу үчүн тоо-темир өндүрүү комбинатында атайын көлөмү 8 миң литрди түзгөн казан куюлуп даярдалган. Мындан тышкары салмагы үч тонна болгон очоккана салынган.

Өзбектсандын жашоочулары палоону өздөрүнүн улуттук тамак-ашы деп эсептешет.

Өзбекстан менен Тажикстандын палоо жасоо ыкмалары 2016-жылдын декабрында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.


ТЕМА БОЮНЧА: