Орусиянын коргоо министрлиги: Ислам мамлекетинин аскер башчысы өлтүрүлдү

Орусиянын коргоо министрлиги Ислам мамлекетинин (ИМ) аскер башчысы Гулмурод Халимов Сириянын Дейр-эз-Зора шаарына жакын жерде абадан болгон соккунун натыйжасында өлгөнүн билдирүүдө. Буга чейин бир нече жолу анын өлгөнү айтылган, бирок тажик согушкерлери анын каза тапканын четке кагышкан.

Орусиянын коргоо министрлиги абадан урулган соккудан улам «ИМдин» «согуш министри» жана мурдагы Тажикстандын атайын даярдыктагы милиция отрядынын башчысы Гулмурод Халимов өлгөнүн билдирди.

«"ИМ" эл аралык террористтик тобунун "согуш министри" Гулмуровд Халимов өлүмгө алып барган жаракттарынан улам каза болду», — деп билдиришти Орусиянын коргоо министрлигинен.

Мындан тышкары өлгөндөрдүн арасында «ИМдин» төрт таасирдүү командири менен Дейр-эз-Зора шаарынын амири Абу Мухаммад Аш-Шимали бар. Аны 2015-жылдын 13-ноябрында Парижде болгон террактты уюштуруу үчүн жана Сирияга жаңы адамдарды жөнөтүү боюнча күнөөлөп жатышат,

Гулмурод Халимов деген ким?

Халимов Тажикстан милициясынын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн башчысы, Ички иштер министрлигинин жогорку академиясынын бүтүрүүчүсү жана улуттук гвардиянын аскер кызматкери болгон.

Гулмурод Халимов 2015-жылы Сирияга качып кеткен.

Халимов 2015-жылдын май айында видео кайрылуу жасап, тажик бийлигин «мусулмандарды кысымга» алуу боюнча күнөөлөп, мекендештерин «кафырлардын эмес Аллахтын кулу» болууга үндөгөн.

Ал Тажикстанга кайтып келип ал жакта халифат орнотууну убада кылган.

Халимовго эл аралык издөө жарыяланган. Америка Кошмо Штаттары анын жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 3 миллион АКШ доллар сый акы убада кылган.

Көптөгөн ЖМКлар 2016-жылдын июлунун ортосунда Интерпол Халимовду издөөгө алынгандардын тизмесинен өчүрүп салганын билдиришкен. Ал эми Интерпол өзү бул маалыматты четке каккан.

Аскердин үй-бүлөсүнүн жарымы анын артынан кеткен. 2017-жылдын май айында атайын кызмат Сирияга атасына кетүүнү каалаган Халимовдун баласын кармаган.

Июль айында милиция Гулмурод Халимовдун эки небереси менен эки бир тууганын өлтүргөн. Алар дагы Тажикстандан чыгып кетүү аракетин жасашып, милиция менен салгылашуу учурунда окко учушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: