Премьер-министр Исаковдун айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазаланат

Өкмөттүн аппаратынан премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн айдоочусун жол эрежесин бузганды үчүн жазалай турганын билдиришти.

Өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Төралиеванын билдиргенине ылайык, премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн жол эрежесин бузган айдоочусун жазалайт.

Жол эрежесин бузуу Исаков интервью берип жаткан учурда видеого тартылып алынган, ал учурда машинаны премьер-министрдин жан сакчысы башкарып бара жаткан.

«Сапар Исаковдун кортежи жол эрежесин бузганы боюнча өкмөт башчы билет жана күзөт кызматкерине чара көрөт. Ошондой эле коомдук тармактардын колдонуучулары эрежелерди бузуу боюнча жигердүү маалымдашканы үчүн ыраазычылык билдирет», — деп жазган фэйсбукта Төралиева.

Премьер-министрдин машинасы жол эрежесин бузган видеону «Настоящее время» басылмасы тартып алган.

Жол эрежеси бузулган учур Исаковдун журналист Жибек Багалиевага берген кеңири интервьюсунун видеокадрынын бир бөлүгү, ал кезде журналист кыз өкмөт башчы менен кошо машинада кетип жаткан.

Оператор эреже бузууну премьер-министрдин машинасынын ичинен тартып алган, ал эми кадр интервью алуу учурунда эки жолу көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк 24.kg басылмасы жол эрежеси бузулган кадрды «Жөө жүргүнчүнү өткөрбөй коюшту» деген аталышта Youtube видеохостингине жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА: