Казакстандын парламентинде латын арибинин долбоору сунушталды

Kloop.kgнин редакциясы материалдын баштапкы жайгаштырылган сүрөтү боюнча окурмандарды адаштыргандыгы үчүн кечирим сурайт. Ал сүрөттүн долбоорундагы алфавитте   «Î», «Ç», «Ñ», «Ş», «Ĥ», «Ğ», «Ü», «Ö», «Â», «İ» (дагы бир тамга Юникоддо көрстөтүлгөн эмес) тамгалары менен кошо 42 символ көрсөтүлгөн. Чынында казак тилинде бул символдор болбошу ыктымал. Учурда материалда туура жадыбал турат анда 25 символ бар жана тамганын үстүндө бир дагы диакритикалык белги жок.

Латын арибинин негизинде даярдалган жаңы казак алфавитинин долбоору боюнча Казакстанда парламенттик угуулар болуп өттү. Алфавит 25 тамгадан туруп, андан тышкары башка графикалык белгилерди камтыбай турганы күтүлүп жатат.

Алфавиттин 25 белгиден турган долбоорун тилдерди өнүктүрүү боюнча координациялык-методологиялык долбоордун директору Ербол Тлешов тааныштырды.

Анын айтымында, алфавит казак тилинин өзгөчөлөктөрүн жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен түзүлгөн.

Тилдерди үйрөнүү институтунун директору Ерден Кажыбаевдин айтымында, ар бир тамга бир тыбышты билдирип, кошумча графикалык белгилерди өзүнө камтыбайт.

Латын арибинде сунушталып жаткан казак алфавитинин түрү

«Биз бир добуштан бул версияны колдодук, ошондуктан бул версияны тил маселесине байланыштыгы бар бардык Казакстандын окумуштууларынын биргелешкен пикири деп кабыл алууңуздарды суранам», — деди Кажыбаев.

Билим берүү жана илим министрлигинин вице-министри Асхат Аймагамбетов билдиргендей, билим берүү процессине жаңы алфавитти киргизүү бекитилгенден кийин системалык түрдө графиканы киргизүү иштери жүргүзүлөт.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитинин бирдиктүү латын арип стандартына өтүүсү боюнча үстүбүздөгү жылдын апрелинде билдирген.

Анын айтымында, жаңы алфавит коомду заман талабына натыйжалуураак ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет, тышкы дүйнө менен карым-катышты жеңилдетет жана балдарга англис тилин үйрөнүүгө жардам берет.

Документтерди 2025-жылы латын жазуусуна өткөрүү жана мезгилдүү басылмалар менен окуу китептерин латын жазуусунда басып чыгаруу пландалууда.

Казакстан латын тамгаларын 1929-жылдан 1940-жылга чейин пайдаланып, андан кийин кирилл арибине өткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: