Аксы: Көрүстөндүн айынан мушташкан алты адамга штраф салынды

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Баба-Ата жергиликтүү көрүстөнүнүн айланасында чыккан чыр-чатакка катышкан алты адамга бир жарым миң сом штраф салды. Буга чейин жергиликтүү тургундар мүрзөнүн кароолчусу менен анын тааныштарын токмоктоо боюнча айыптап, милицияга арыз жазышкан.

Сот «Майда бейбашчылык» беренеси боюнча алты адамга карата 18 саат коомдук жумушка тартуу жана бир жарым миң сом штраф салуу өкүмүн чыгарды.

Жалал-Абад облустук милициядан билдиришкендей, айылдыктар менен көрүстөндү кайтарган адамдын ортосундагы чыр-чатак пикир келишпестиктен улам чыгып кеткен.

«Баба-Ата мүрзөсүнүн кароолчусу менен жергиликтүү тургундар 3-сентябрда мушташып кетишкен. Ошол нерседен кийин айылдыктар арыз менен милицияга кайрылышкан. Милиция жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Араздашкан тараптар 6-сентябрда жолугушушуп, элдешүүгө аракет кылышкан», — деп билдирди Жалал-Абад облустук ИИМдин басма сөз катчысы Самара Кадырова.

Итагар айылынын жашоочуларынын айтымында, айылга жакын мүрзөнүн кароолчусу менен пикир келишпестиктер көптөн бери уланып келет. Айылдыктар кароолчунун жумушуна нааразы болушууда.

Жергиликтүү тургундар көрүстөндү сыйынуучу жай деп эсептешүүдө. Бул жакка дайыма балалуу боло албай жаткан жубайлар келип, балалуу болуу максатында курмандык чалышат.

Акыркы жолу чыр-чатак кароолчу жергиликтүү тургундарды мүрзөгө киргизбей койгону үчүн чыккан, мындан тышкары кароолчу көрүстөндү тийиштүү түрдө карабай койгон.

«Убактылуу келген кароолчу куран окуганы келген аялдарды ыйык жерге киргизбей жатат. Бул жакка көптөгөн аялдар балалуу болуу максатында сыйынганы келишет. Кароолчунун иш-аракеттери элдин кыжырын келтирген. Кароолчу бул ыйык жерди карабай жаткандыгынан улам биз ал жайдын айланасын тосолу деп барганбыз», — деди жергиликтүү тургун Маралбек Жоробаев.

Тургундар өздөрүнүн дооматарын кароолчуга айтып алышкан, андан кийин ал өзүнүн тааныштарын чакырган. Натыйжада ал адамдар менен айылдыктардын ортосунда мушташ чыгып кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: