Атамбаев Сочиде Путин менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Иш сапар учурунда өлкө башчылар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай тургандыктары белгиленүүдө.

Урматту окурмандар, материалда кетирилген катачылыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын башчысын шайлоону талкуулашат деп билдирген элек. Бирок такталган мааламаттар боюнча, жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара мамилелер талкууланмакчы.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки өлкөнүн президенттери Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын талкуулашат.

«Тараптардын Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташуу менен өз ара маммилелерди талкуулай тургандыктары белгиленүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул Атамбаевдин Путин менен президенттик кызматтагы акыркы жолугушуусу эмес. Президенттер 2017-жылдын октябрь жана ноябрь айларында Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Жааматтык коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйындарынын алкагында дагы жолугушушат.

Акыркы жолу Атамбаев 21-июлда Путин менен өзүнүн Москвага болгон сапары учурунда жолугушкан. Анда Орусия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечкен.

Президенттер аймактар аралык аба коопсуздугун түзүү боюнча ишти илгерилетүү, аскерий тармактагы кызматташтыкты бекемдөө жана терроризм-экстремизм менен күрөшүүнү келишишкен.

Акыркы жолу Путин Борбор Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына арналган иш сапарынын алкагында Кыргызстанга 28-февралда келген.

Анда президенттер Кыргызстандын ЕАЭБге интеграция болууда кабылып жаткан маселелерди талкуулашкан. Путин аларды «кыргыз экономикасынын ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган жумшак байырламасы» деп атаган. Ошондой эле ал Орусиянын Кыргызстанга берип жаткан жардамдарына көңүл бурган.

Анын айтымында, Орусия бажы инфраструктурасын жаңылоого 200 млн долларды жана 225 млн долларды Кыргызстан бюджетин турукташтыруу үчүн бөлүп берген.

Мындан тышкары өлкө башчылар Канттагы Орусиянын авиабазасынын ыктымал кеңейтилиши боюнча маселени талкуулашкан.

Авторлошу: Карина Сапанова


ТЕМА БОЮНЧА: